
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2019-2020-жылдары ажылык сапарга баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлерди алдын ала COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.
Муфтияттын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлиги быйылкы ажылык боюнча расмий билдирүү бере элек. Бирок Кыргызстан тарап айрым булактардын маалыматына таянуу менен эмдөө ала берүү чечимин кабыл алышты.
Ажылыкка барчулардын жашы 65 жаштан жогору болбошу керек жана ПЧР-тестинин терс жыйынтыгын көрсөтүп, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү шарт.
«Сауд Арабиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Pfizer-BioNTech, Moderna, Oxford-Astrazeneca, Janssen вакциналарын өлкөсү үчүн жарактуу деп тапкан», -деп айтылат маалыматта.
Сауд Арабиясы быйыл ажылык сапарга 1 миллион адамды кабыл алууга даяр экенин билдирген. Бирок азырынча бир да мамлекетке квота бөлө элек.
Жыл сайын Мекке шаарына дүйнөнүн 180ден ашык өлкөсүнөн 2,5 миллион мусулман ажылыкка барат. Сауд Арабиясы коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы тыюу салган.
Оставьте первый комментарий