Депутаттар Азия чемпионатына кетиши керек болгон спортчуларга акча бөлүнбөй жатканын айтып чыкты

Каржы министрлиги Монголиядагы Азия чемпионатына бара турган спортчуларга каражат бөлбөй жатат. Бул тууралуу парламенттин 14-апрелдеги жыйынында эл өкүлдөрү билдирди. 

Депутат Шайлообек Атазовдун айтымында, министрлик спортчуларга фонд ачып элден каражат топтоп кетүүнү сунуштаган.

“Буга чейин да депутаттар айтты эле. Бирок бизди укпай жатышат. Бүгүн саат 11де спортчулар Монголияга учуп кетиши керек эле. Каржы министрлиги акча бөлбөй Олимпиададан күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов кете албай жатышыптыр. Бул министрликте кыргыз спортун түшүнбөгөндөр отурганынан кабар берет. Алар “Фонд ачып, элден акча чогултуп барбайсыңарбы” дептир».

Эл өкүлү Тазабек Икрамов бул маселе боюнча бир жума мурун протоколдук тапшырма берилип, бирок эч ким аткарбагынын сынга алды.

«Бул жерде канча депуттар айтып жатат. Муну узартпай чечишиңер керек. Мен бир жума мурун спортчуларга болгон терс мамиле, акча бөлүнбөй жатканы боюнча тапшырма бергем. Бирок эч кандай жыйынтык жок болуп жатат» — дейт Икрамов.

Азия чемпионаты Монголиянын Улан-Батор шаарында 19-24-апрель күндөрү өтөт. Дене тарбия жана спорт департаменти мелдешке Кыргызстандан 23 балбан катышаарын билдирген. Алардын катарында Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы да бар.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*