
«Доромарин» витамини балдар үчүн күмөндүү жана кооптуу. Бул боюнча маалыматты инстаграм колдонуучусу, блогер Айнура Асанова бөлүштү. Анын тарыхчасынан (сториз) витаминдин кооптуулугу жазылган маалыматты көрүүгө болот.
Биздин редакция бул маалыматты текшерип көрдү.
«Доромарин» — бул балдар үчүн табигый, дарылоочу жана профилактикалык продукт экени көрсөтүлгөн. Ал Казакстанда өндүрүлүп, балдар үчүн табигый, дарылоочу жана профилактикалык продукт экени Doromarine.kz расмий сайтында маалымдалат. Витамин ыраакы чыгыш ламинариялары (ангуста), деңиз бадыраңы, деңиз кальцийи жана алма согунан жасала турганы айтылган. Мындан сырткары 2017-жылы Казакстандын Дин башкармалыгынан халал сертификатын алган.
Ошондой эле 2021-жылы Казакстандын тамак-аш академиясынан корутундусу да чыгарылган. Анда аталган академия витаминдин курамы менен таанышып, изилдеп чыккан соң, аны таңгактоого уруксат бергени айтылат.


Жыйынтык: «Доромарин» витамини Казакстандын тамак-аш академиясынын көзөмөлүнөн өткөн.
Оставьте первый комментарий