Министрлик: Бишкекте 9-майда аскердик парад болбойт

Бишкетин Ала-Тоо аянтында 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

«Ал күнү Бишкектеги «Жеңиш» сейил багында эскерүү иш-чарасы уюштурулат. Ага согуштун жана оруктун ардагерлери, аскердик уюмдардын, чет өлкөлүк аскердик-дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, борбор калаанын тургундары жана коноктор катышат», -деп айтылат билдирүүдө.

Былтыр дагы 9-майда митинг-реквием өтүп, президент Садыр Жапаров, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов катышкан. Анда өчпөс отко гүл коюп, согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерилген.

2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык абалдан улам парад өткөн эмес.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*