Коронавирус үч кишиден аныкталды, каза болгондор жок

Кыргызстанда 14-апрелге карата 2 225 ПЧР анализ жүргүзүлүп, коронавирустун үч жаңы учуру аныкталды. Илдеттен бир адам сакайып, каза болгондор катталган жок. 

Вирусту жаңы жуктургандар Бишкекте – 1, Чүйдө — 2 адам. Калган аймактарда апрель айынын башынан бери коронавирус аныкталган эмес.

Өлкөдө пандемия башталган эки жылдан бери COVID-19 илдети жалпы 200 миң 973 кишиге жукту. Анын ичинен 196 миң 304 бейтап ооруну жеңди. Жалпы 2991 бейтап көз жумду.

Учурда стационарда 63, үйдөн 24 бейтап дарыланып жатат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1345 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*