Кыргыз-тажик тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сирожиддин Мухриддин 13-апрелде телефондон сүйлөштү. Алар эки тараптуу кызматташуу, аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашкан.

«Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу анын ичинде тараптардын компетенттүү органдарынын эки тараптуу жолугушуулары боюнча пикир алмашуу болду. Министрлер мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин тактоо боюнча ишти улантуу зарылчылыгын айтышты», -деп айтылат Кыргызстандын ТИМи тараткан маалыматта. 

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болду. Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, алгач Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталды. Тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганы маалымдалды.

Ок атышуу болгондон кийин алгач тараптар Тажикстандын «Овчи-Калача» көзөмөл өткөрүү бекетинде жолугуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашкан. Эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегациялары 13-апрелде ок атышуу болгон аймакта — Лейлек районундагы Селкана тилкесинде да жолугуп, тараптар ушундай эле келишимге келишкен.

Ошол эле күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр боюнча үчүнчү ирет эки тараптуу жолугушуу болду. Анда тараптар жаңжал учурунда чек арага тартылган кошумча кирген өздүк курам, аскер техникаларын алып чыгууну улантууну, бул чечимди аткаруу үчүн эки тараптын тийиштүү органдарынан турган комиссия түзүүну макулдашкан. Комиссия 14-апрелде Лейлек жана Гафуров райондорунун аймагында, 15-апрелде Баткен менен Исфара райондорунда иш алып барат. Мындан тышкары, чек ара кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүлүп, алар Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тозотторунун жүрүү маршруттарын тактап чыгышат.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, Раззаков шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө төрт киши жатат. 23 жаштагы аскер кызматкеринин санына жана таманына октун бөлүктөрү тийген. 30 жаштагы тургун да тизесинен жараат алган. Абалдары орточо оор деп бааланууда. 20 жаштагы дагы бир аскер кызматкери тизесинин булчуңун чоюп алса, 50 жаштагы адамдын оң жак жамбашына октун бөлүктөрү тийген. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Ал эми Тажикстандын бийлиги чырда жараат алган 27 жаштагы тажик жоокери Зоир Сайдумаров ооруканада каза болгонун ырастады.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*