Бишкек мэриясы: «Тазалыктын» жумушчулары ишке чыга баштады

Сүрөт: "Тазалык" ишканасы
Бишкек мэриясы «Тазалык» ишканасынын жумушчулары кызматтык милдеттерин аткарууну жандантканын билдирди. Бүгүн таң эрте кызматкерлер менен шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кезигип, көйгөйлөрүн уккан.

Мурдараак вице-мэр Жамалбек Ырсалиев «Тазалыктын» кызматкерлеринен тезирээк жумушка чыгууну суранып, мэрия коюлган талаптарга макул болгонун билдирген.

14-арелде Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын айрым жумушчулары иш таштады. Алар эмгек акынын аздыгына, жетекчинин ишине жана техниканын абалына нааразы экенин айтышкан. Муну менен катар кызматкерлер мурдагы жетекчи Рыспек Сарпашевди кайра «Тазалыкка» алып келүүнү талап кылышууда. Сарпашев ишкананы 2010-2013-жылдары, кийин кайра 2014-жылдан 2018-жылга чейин башкарып турган. 2018-жылы вице-мэр кызматына чоңоюп, кайра «Тазалыкты» башкарууга өткөн.

Мэриянын маалыматы боюнча, Сарпашевдин ишин аудит текшерип, жыйынтыгында 54 млн сомдук көлөмдөгү иш аткарылбаганы аныкталган. 

«Тазалыктын» башчысы болуп былтыр жыл аягында дайындалган Азат Сагыновдун ордуна 14-апрелде Султан Алыбаев дайындалган. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде иштеген. Алыбаев өзү директордун милдеттерин аткара албаса, кызматтан кете турганын айтты.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*