
«Тезирээк жумушка чыгыңыздар. Болбосо, сиздердин ордунуздарга иштей турган башкалар чыгышсын. Бишкек шаарын таштандыга бастырып коюп, жүрөгүбүз чыдап отурбашыбыз керек. Сиздер койгон талаптарга макул болдук. Директорду иштетпейбиз деген туура эмес. Бир күн болгон директорду иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек. Бир айда ордуна коём деп убада берип жатат», -дейт Ырсалиев.
14-арелде Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын айрым жумушчулары иш таштады. Алар эмгек акынын аздыгына, жетекчинин ишине жана техниканын абалына нааразы экенин айтышкан. Муну менен катар кызматкерлер мурдагы жетекчи Рыспек Сарпашевди кайра «Тазалыкка» алып келүүнү талап кылышууда. Сарпашев ишкананы 2010-2013-жылдары, кийин кайра 2014-жылдан 2018-жылга чейин башкарып турган. 2018-жылы вице-мэр кызматына чоңоюп, кайра «Тазалыкты» башкарууга өткөн.
Мэриянын маалыматы боюнча, Сарпашевдин ишин аудит текшерип, жыйынтыгында 54 млн сомдук көлөмдөгү иш аткарылбаганы аныкталган.
«Тазалыктын» башчысы болуп былтыр жыл аягында дайындалган Азат Сагыновдун ордуна 14-апрелде Султан Алыбаев дайындалган. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде иштеген. Алыбаев өзү директордун милдеттерин аткара албаса, кызматтан кете турганын айтты.
Оставьте первый комментарий