
16-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустан каза болгон жана илдетке чалдыккан учур катталган жок. Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, инфекцияны мурда жугузган 46 бейтап ооруканада, 44ү үйлөрүндө дарыланууда.
Бир суткада эки киши айыгып чыкты.
Кыргызстанда коронавирус болгондордун жалпы саны 200 миң 980ге жетти. 2991 бейтап көз жумду.
Өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго жакын адам алды, ал эми толук эмделгендер 1,2 миллиондон ашты. Бустердик (үчүнчү) доза 161 миңден көп кишиге сайылды.
Оставьте первый комментарий