
Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында билдирүү жарыялап, президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушу боюнча үн катты.
«Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсын. Ошол үчүн мурдакылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу? «Ысык-Көл» мейманканысынын ордуна салынып жаткан ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек», -дейт президент.
Бирок мамлекет башчы курулушка канча каражат кетерин, 16 гектар жер каерде жана кимге берилип жатканын жазган жок.
15-апрелде Садыр Жапаров президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салды. Имараттын жалпы аянты 21 миң чарчы метрди түзөт. Курулуш маселелери менен президенттин иш башкармалыгына караштуу Курулуш, социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди реконструкциялоо боюнча түзүлгөн мамлекеттик дирекция алектенет.
Президенттин басма сөз кызматы жаңы административдик комплекс курулуп мамлекеттик органдар бир жерге жайгашса, чечимдерди иштеп чыгуу процесси тездеп, Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү автожолдогу жүк азаярын билдирүүдө.
Оставьте первый комментарий