Окуучулар ЖРТга мектептен сырткары акы төлөп, даярданууга мажбур
2021-2022-окуу жылынын аякташына саналуу гана айлар калып, 11- классттын окуучулары жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) кызуу даярданышууда. Бүтүрүүчү класстар ЖРТга даярдануу үчүн кошумча курстарга барышат. Бирок мындай мүмкүнчүлүк өлкөдөгү ар бир бүтүрүүчүдө жок. Мындан улам Ош шаардык кеңешинин депутаттары жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо мектептерде милдеттүү түрдө жүргүзүлсүн деген талапты көтөрүп чыгышты.
Кутман Кара-Суу районундагы мамлекеттик мектептердин бирин ушул жылы бүтүрүү алдында турат. Ал сентябрь айынан тарта эле жеке окуу борборуна келип, ЖРТга даярданууда. Кутмандын айтымында, буга чейин кошумча курстарга барып окуган айылдаштары жогорку балл алышкан. Ошондуктан райондон шаарга келип тестке даярданууга аргасыз.
ЖРТга даярдоочу көп мекемелер тестте бериле турган суроолор боюнча гана даярдап, мугалимдери тест жөнүндө көп нерсени билишет. Ал эми өзүбүздүн мектептерде окуу планы боюнча өтүп, бизди кошумча даярдаганы убакыттары аз болуп калышы мүмкүн. Бул тарапта ЖРТ тармагы боюнча гана даярдаганы үчүн мен окуу борборлорун тандадым.


Кутман
Кутманга окшоп райондон, алыскы тоолуу аймактардан келип даярдангандар көп. ЖРТга кошумча даярдануу үчүн бир окуучуга айына кеминде он миң сом керек болот. Мисалы Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айыл өкмөтүнүн тургуну Эстангүл шаарда туугандарынын үйүндө жашап, он миңден ашык акча кетирген.
"Мен эжемдин үйүндө жашап батир, тамак-аштын акчасын төлөгөн жокмун. Менин айылымдан келген кээ бир окуучулар батирде туруп жатышты. Бир ай бою тамак ашын дагы өздөрү сатып жешет. Ошондо он 15 миңге чейин акча коротушат. Кээ бирлери эки айлап, андан көп жүргөндөр да бар. Кошумча сабактардан курска окугандар мындан көп каражат кетиришет",- дейт Эстангүл.
Адеми балачагынан эле юрист болууну эңсеген. Бирок азыр Ошто башка тармакта эле колледжде окуп жатат. Кыялынын оорундалбай калганын жалпы республикалык тестирлөөдө аз балл алып калганы менен түшүндүрөт. Ал ЖРТга Алайкуудан Ошко келип даярданганы менен майнап чыккан эмес.
11-классты былтыр бүткөнмүн. ЖРТга атайын даярданыш үчүн Ошко акча кетирип келип, 1 ай курска окуганмын. Бирок негизги тесттен 103 балл алып калдым. Өзүм каалаган университетке, кыялданган кесибиме окуй албадым. Анан убакытым кетти. Азыр колледжде окуп атам.
Адеми
ЖРТга даярдоочу жеке окуу борборлоруна муктаждык бар
Учурда окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоочу бир нече окуу борборлору бар. Окутуунун баалары жогору экенине карабай талап күч. Анткени окутуу бир гана багытта болуп, ЖРТ суроолоруна дал келет. Жеке окуу борборунун жетекчиси Саидали Ормоновдун айтымында, негизги тесттеги кыргыз тили бөлүмдөрүндө окшоштуктар, сүйлөм толуктоо, окуу жана түшүнүү деген бөлүмдөр мектепте окутулбайт. Ал эми окуу борборлору ошол багытты изилдеп, тактап чыгып, атайын методдорду иштеп чыгып, китептерди жазып чыгышкан. Коомдо муктаждык бар болгондуктан жеке окуу борборлору уюштурулган.
Саидали Ормонов - жеке окуу борборунун жетекчиси
Жалпы мамлекеттик мектептерден жакшы балл алган окуучулар көп. Бирок аз өлчөмдө. Окуучулардын басымдуу бөлүгүнүн тест менен иштөө тажрыйбасы аз болгондуктан, мектептеги билим менен эле барган болсо, төмөнүрөөк балл алып калып жатат. Бүтүрүүчүлөрдүн мындай билим берүү мекемелерин тандап келгенинин себеби, билимин дагы өркүндөтөйүн, тест менен иштөө ыкмаларын үйрөнүп, жөндөмдү дагы өстүрөйүн деген максатта бул жакка келишет.
"Балдарга шарт түзүп беришибиз керек!"
Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каржы төлөп, окуй албай турган да мектеп окуучулары бар. Ош шаардык кеңештин депутаты Нуркыз Кадырбекова бул маселени чечүү үчүн бир нече ирет ушул маселени көтөрүп чыккан. Ага бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга даярдоо мектеп мугалимдеринин компетенциясына кирбейт деп жооп беришкен. Депутат айым буга чейин Ош облустук администрациясы мектеп мугалимдерин ЖРТга даярдоо боюнча окутуп, алар элеттеги окуучуларды даярдаганын айтып, шаарда да бул ыкманы ишке ашыруу керек деп эсептейт. Эл өкүлү экинчи ирет маселени шаардык кеңештин жыйында көтөрдү.
Нуркыз Кадырбекова - Ош шаардык кеңешинин депутаты
Каражат бөлүп, биздеги алты аймактагы мектеп мугалимдерин бириктирип окуткула. Бул эки түрдүү жардам берет. Биринчиси, маянасы аз мугалимдерге кошумча киреше болот. Себеби ал баланы акылуу окутат. Бул үчүн айлык төлөнбөйт. Экинчиси, бала бир курска барам деп шаардын тиги бурчунан бул бурчуна барып, коопсуздук, транспорт, жол көйгөйү жаралбайт. Муну биз уюштуралы, шарт түзүп берели деп көтөрүп чыкканмын. Бул тармакты караган социалдык вице-мэр өзү көзөмөлгө ала тургандыгын жана бул нерсени кылуу зарылдык экенин белгиледи.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы мектептерде ЖРТга даярдоо үчүн кошумча сабактарды акысыз өтүп берүү маселеси боюнча билим берүү башкармалыгына кайрылган. Бирок ал жактан жооп боло элек. Мындан сырткары, тийешелүү кызмат мектеп директорлору менен сүйлөшүп, кошумча сабак, ийримдердин оордуна бүтүрүүчүлөрдү тестке даярдап жатканын айтат.
Билимди баалоо жана окутуу усулдар борборлорунан атайын адистерди чакырып, шаардагы кыргыз, орус тили, математика сабактарынан ЖРТ боюнча мугалимдерди окутуп, сертификаттарды алып бергенбиз. Окуучуларды өзүңөр да окутсаңар болот дегенбиз. Ал эми окуу борборлоруна барып окуганга мүмкүнчүлүгү жок бүтүрүүчүлөрдү мектеп мугалимдери даярдап жатат.

Руслан Закиров
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу
ЖРТ менен мектеп программасындагы айырма чоң көйгөй
Талдоочулардын айтымында, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктар мектептердин өзүндө болушун билим берүү министрлиги колго алышы керек. Алардын пикиринде бул көйгөй 20 жылдан бери жолго коюлбай келүүдө. Жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн балл негизги оорунда болгондуктан, ар бир окуучу аракет кылат. Эгер жакшы көрсөткүчкө жетише албаса, билим ала албай, турмуштун башка сыноолору менен кетиши ыктымал дешет.
Куштарбек Кимсанов - билим берүү боюнча серепчи
ЖРТдагы суроолор менен мектеп программасынын ортосунда айырманын болушу чоң көйгөй. Анткени мектепти эң мыкты бүткөн окуучу да тесттен эң мыкты балл албай калган учурлар абдан көп. Мындан улам эки жактын бир багытта кетишин караштырган кадамдарга баруу керек. Бул жолго барбасак теманы түшүнгөн бала менен, аны жаттаган баланы атайын айырмалабай, качкандай болобуз. Өкмөт менен билим берүү министрлиги бул маселени чечүүнүн бир канча жолун караштырып, адистер менен талкуулап, ирети менен ишке ашырса көйгөй чечилет.
Окуучуну тестке даярдаган мектеп
Калаадагы мамлекеттик мектептерде атайын ЖРТга даярдоо үчүн кошумча сабактар өткөрүлбөйт. Бирок айрым мектептер бул жаатындагы көйгөйлөрдү ата-энелер менен кеңешип чечишкен. Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясынын төрт мугалими ишемби, жекшемби күндөрү 80 окуучусун тестке даярдайт.
Мунун жыйынтыгын биз өткөн жылы көргөнбүз. 117 бала окууну бутүрсө, ошол балдардын жүздөн ашууну 110дон жогору балл алган. Бюджеттик негизиде, медфакта окуган окуучулар бар. Мектеп программасында деле күчтүү мугалим баланы абдан жакшы тарбиялайт. Мен айта алам Киров мектеби балдарды өзүбүз эле даярдап атабыз. Курска баргандарга караганда биздин мугалимдер даярдаган окуучулар көп жыйынтык берет.
Бактыгүл Жусубалиева - Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясынын директору
Окуучуларды акысыз ЖРТга даярдаган магистрант
Нур-Эгемберди Муса уулу учурда Ош мамлекеттик университетинде магистрант. Кесиби боюнча математик-системалык программист. Ал математика боюнча өлкөдөгү жана дүйлөлүк бир канча олимпиядалардын жеңүүчүсү. ОшМУнун матетатикалык анализ кафедрасынын методисти Канзаада Нурмуханбет кызы менен ЖРТга акысыз 260 окуучуну даярдашкан.
Учурда окуу жайларга өтүүнүн босого баллы 110, предметтик балл 60 бойдон калды. Бирок тесттин жыйынтыгына жараша босого балл өзгөрүшү мүмкүн. 2022-жылы ЖРТны 23-28-майда өткөрүү күтүлүүдө. Быйыл 68 миңдей окуучу 11-классты бүтүрүү алдында турат.
Автор
Зыягүл Болот кызы
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.