
Кыргызстандын аймагында 18-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31, Таласта түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28 градуска жетет. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17 күндүз +28…+33 градуска чейин күн ысыйт. Ал эми күндүн табы Ысык-Көлдө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24, Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25 градуска жетет.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +28…+30 градус болот.
Оставьте первый комментарий