COVID-19: оору жуккан учур эки күн катары менен катталган жок

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус жуктуруп алгандар катталбаганын билдирди. Ушуну менен экинчи күн катары менен СOVID-19дун жаңы учуру аныкталган жок.

Соңку бир күндүн аралыгында мурда ооруп жаткан 16 адам сакайып чыкты.

Өлкөдө ооругандарын жалпы саны 200 980 адам болду, 2991 бейтап көз жумду.

Ушул тушта ооруканаларда жаткан 271 бейтаптын ичинен үчөөнүн абалы өтө оор, дагы беш адам орточо оор абалда. Үйлөрүндө 47 адам дарыланууда.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*