Кыргызстан менен Казакстан жүк ташуучу унаалардын маселесин чечүү үчүн 19-апрелде кеңешме өткөрөт

Арзыбек Кожошев менен Бахыт Султановдун жолугушуусу. 15-апрель, 2022-жыл

19-апрелде Кыргызстан менен Казакстандын тийиштүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда эки өлкөнүн чек арасындагы кезекте турган жүк ташуучу унаалардын маселесин чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алуу үчүн видео байланыш режиминде кеңешме өткөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын вице-премьери – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен жолукканда белгилүү болду.

Кыргыз өкөтүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, тараптар 15-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын алкагында Москва шаарында жолугушкан. Анда Кожошев март айынын соңунда жетишилген макулдашуулар толук көлөмдө ишке ашырылбай жатканын белгилеген. Ошондой эле келишимдер бир жактуу аткарылбай жаткан болсо, эки тараптуу мамилелерге кесепети тиерин айткан.

«Биз коштоочу документтери туура эмес же документи такыр жок болсо, казак тарап мындай автоунааларды артка кайтарып берет деп макулдашканбыз. Иш жүзүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги күн өткөн сайын көбөйүүдө», — деди Кожошев.

Кыргызстандык жүк ташуучулар кыргыз-казак чек арасынан Орусияга жана башка чет мамлекеттерге каттап баратып өтөт. «Ак-Тилек» көзөмөл бекетинде Казакстандын аймагына кирүү үчүн кезек күткөн автоунаалар топтолгон учурлар буга чейин бир нече жолу болгон эле. Расмий бийлик мунун себеби катары айрым айдоочулар тийиштүү уруксат кагаздарын даярдабай барганын аташса, жүк ташыгандар казак тараптан бут тосуу бар экенин билдирген.

Кыргызстан да, Казакстан да Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) тең укуктуу мүчөсү. Кийинки жылдары ЕАЭБдеги мүчөлүгү Кыргызстанга пайда алып келбегени жөнүндөгү пикирлер парламентте айтылып келет.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*