
Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №27- жалпы режимдеги мекемеге которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Буга чейин экс-президент Бишкектеги №47-мекемеде козголгон кылмыш иштеринин бири боюнча мөөнөтүн өтөп жаткан.
Кармалган күндөн тартып бир жылдан ашуун убакыт бою УКМКнын тергөө абагында отурган. №47- колонияга 2020-жылдын октябрында которулган.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге «Батукаев иши», Кой-Таш окуялары, Октябрь окуялары боюнча, мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү деген айыптар тагылган.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды. Калган иштер боюнча сот уланууда.
Оставьте первый комментарий