www.t-media.kg
Медиа сабаттуулук эмне үчүн керек?
Фейк маалыматтардан кантип сактанабыз?
Бекбол Бакыт уулу үй-бүлөсүндө интернетти активдүү колдонгондордун катарына кирет. Ал күн сайын ватсап группалардан келген маалыматтарды окуп, көңүлүнө жакканын башка тайпаларга бөлүшөт. Акыркы бөлүшкөнү: "WhatsApp тиркемеси туулган күнүнө карата 800 бирдик салып берип жатат" деген жалган маалымат болгон. "Туугандар" тайпасына жөнөткөн бул кабардан улам өзү да ыңгайсыз абалда калган. Себеби, ал маалыматты бөлүшкөн учурда эч кимге эч кандай бирдик салынган эмес. Мындай маалыматтардын таратылышы маркетингдин бир жолу деп эсептейт.
- Мага ватсаптан "шилтеме аркылуу кирип анкетаны толтурсаң белек утуп аласың" деген маалымат келди. Аны толтуруп бүткөнүңдө "муну досторуңа бөлүш!" деген жайы бар экен. Досторума, туугандарымдын группасына муну жөнөттүм. Бирок, мен эч кандай белек жеңип алган жокмун. Өзүм мындай абалга түшкөндөн кийин, башкаларга жөнөтпөй эле койсом болмок экен деген ой келди. Мындай "розыгрыштар" рекламанын бир түрү болсо керек.

Бекбол Бакыт уулу
Баткен шаарынын тургуну
Бул маалымат жалган экенин биздин редакция да буга чейин жарыялаган. Анда маалыматты кандай жолдор менен текшерүү керек экенине токтолуп кеткенбиз.
Фейктер эмне үчүн жаралат?
Фейк – англис тилинен которгондо «жалган кабар» дегенди түшүндүрөт. Ал фото, видео же текст менен жарыяланган маалыматтар болушу мүмкүн. Фейк маалыматтардын жаралуусуна төмөндөгүлөр себепчи болот.
1. Шылуундук
Майрамдарда, белгилүү даталарда аты чыккан компаниялардын акциялары, конкурстар, майрамдык куттуктоолор менен кошо жөнөтүлгөн кооптуу шилтемелер сиздин уюлдук телефонуңузга туташууга жол ачып, жеке маалыматыңызга эркин кирүүгө көмөк көрсөтөт. Жалгандан таратылган маалыматтардагы тиркемелер вирус болуп, гаджетиңиздин иштен чыгуусуна себеп болот.
1. Элди дүрбөлөңгө салуу
Кандайдыр бир курч окуя болуп турган кезде элди дүрбөлөңгө салат. Мисалы: COVID-19 пандемиясы учурунда тараган фейктер; эмдөө зыяндуу, ал тукумсуздукка алып барат деген жалган маалыматтар.
3. Популярдуулукка тез жетүү жана көп көрүүчүнү топтоону каалагандар
Маалыматтын чын же жалганын билбей туруп бир тараптуу чагылдырылган маалыматтар. Андагы материалдын темасы көрүүчүнүн эмоциясына тие турган же кандайдыр бир чакырыктар болот. Акыркы учурда Ютуб тиркемесинде мындай көрүнүштөр кеңири жайылган.
4. Оппонентти каралоо
Мындай көрүнүштөр көбүнесе шайлоо мезгилинде кайсы бир талапкердин аброюн түшүрүү же көтөрүү максатында жарыяланат. Мында элдин оюн эки ажырымга салып, шайлоочуларды манипуляциялайт.
5. Тамаша иретинде
Фейк маалыматтар курбу-курдаштар, жакын тааныштар тарабынан да атайылап жасалышы мүмкүн. Учурда кенен жайылган пранктар, тамаша торлор тамаша болсо да жалган маалымат бойдон кала берет.
Фейк маалыматтардын баары атайын жасалган болот. Бул элдин аң сезими менен ойноп, калктын оюн адаштырат, зыянын да тийгизет дейт Factcheck.kg басылмасынын журналисти Асель Сооронбаева.
Жалган маалыматтар курч окуялар болгон кезде дүйнөлүк деңгээлде да байкалат. Акыркы эле окуялар - Украина менен Орусиянын ортосундагы куралдуу жаңжалда фейк маалыматтар тарап жатат.

Россия-24 каналынын фейк тууралуу сюжети фейк болуп чыккан.

7-апрелде "Россия-24" каналында "согуштук аракеттерден театр жасашты" деген аталыштагы сюжет жарык көргөн. Анда "Батыш орус мамлекетине каршы фейктерди кантип даярдап жатканы" айтылат.

Бул боюнча Factcheck.kg текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында "Россия-24" каналынын журналисттери фейк тууралуу сюжетинде телесериал тартуу учурунда алынган тасмаларды колдонушканы белгилүү болгон.
Аң-сезимге кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?
Психолог Дөөлаткан Кабыкованын айтымында фейк маалыматтардын коомдун аң-сезимин өзгөртүүгө таасири өтө чоң. Ал адамды реалдуулуктан алыстатат.
Кандай кесепеттерин тийгизип жатат?
«АкиПресс» маалымат агенттигинин Баткен облусундагы кабарчысы Арзуу Галымбетова 25-март күнү саламаттыгы начарлап, ооруканага түшкөн. Дарыгерлердин жардам көрсөткөнүнө карабай журналист ошол түнү каза болгон.

Бул өлүмгө байланыштуу Баткен облустук ички иштер башкармалагы 25-март күнү жазылган Галымбетованын «менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деген арызынын негизинде «Батма-Бат» Youtube-каналынын авторун суракка алып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Жалган маалыматтардын кесепети согушка чейин алып келиши мүмкүн. Адамдарды каралоо менен аброюна шек келтирүү моралдык жабыр тартуусуна да алып келет. Андан сырткары, манипуляция аркылуу кайсы бир эл өкүлүн "аппак" кылып көрсөтүшү мүмкүн. Анын кесепети сапатсыз кадр көйгөйүн жаратат. Мындай ойду медиа-эксперт Данияр Садиев билдирди.
- Мен чектөө саясатына каршымын. Кандай гана чектөө болбосун, бул реакциялык каршылыкка алып келет. Буга киши реакция кылганда ортодо чыңалуу пайда болот. Мамлекет чектөө аркылуу эмес, башка жолдорду издеши керек. Чектөө жолу башка топко, сөз эркиндигине каршы иштеп калышы мүмкүн. Маалыматты колдонгон киши, эгерде сабаттуу болсо, маалымат жалган болсо деле ага таасири жок болот. Аудитория менен иштөөнү колго алыш керек. Эгер жалган маалыматты эч ким колдонбосо, ал өзүнөн өзү жок болуп кетет,- дейт медиа-эксперт Данияр Садиев.
Туура эмес маалыматты таратуу, адамдын аброюна шек келтирүү мыйзам аркылуу көзөмөлдөнөт. Жарандык кодекс ар бир адамдын өзүнүн дарегине айтылган жалаанын үстүнөн арызданса болорун көрсөтөт. Практикада бул мыйзамды көбүнчө бийлик кызматындагылар, атактуулар, эл өкүлдөрү пайдаланышат. Анын жазасы - моралдык зыян келтиргендиги үчүн айып пул төлөө.
Кандай чечүү жолдору бар?
Медиа эксперттердин пикиринде бүгүнкү коомдо жалган маалыматтарды мыйзам менен чектөөгө болбойт. Анын таасири башка топтогуларга да тиет. Мындан улам ар бир жаранды медиасабаттулукту үйрөнүүгө чакырышат.

Учурда өлкөдө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Билим берүү Академиясы менен биргеликте "Медиа сабак" долбоорунун алкагында мектеп, университет мугалимдерине, окуучуларга, студенттерге медиа маалыматтуулукту, медиасабаттулукту үйрөтүүчү окутуулар өтүп жатат.
Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү "Медиа-К" долбоорунун алкагында төкмө акындарды медиасабатуулукка, социалдык тармактардын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен бирге өнөрүн элге тартуулоого окутуу жүргүзүүдө. Программанын координатору Максуда Айтиева төкмө акындардын салттуу чыгармачылыгы аркылуу медиасабаттуулукту аудиоторияга онлайн жайылтууга жардам берет дейт.
Автор:
Улукбек Сали уулу