Катта-Талдык: айыл өкмөт менен элдин талашы эмнеде?

«Т-Медиа» телеканалына Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айылынын тургундары кайрылышты. «Торгой-Булак» дыйкан чарбасынын мүчөлөрүбүз деген жарандар аларга тиешелүү 36 гектар жер талашка түшүп жаткандыгын айтууда. Жергиликтүүлөр маселе боюнча айыл өкмөт башчысына болгон кайрылуудан жыйынтык чыкпай жатканын кошумчалашты. Айыл өкмөт башчысы менен «Торгой-Булак» дыйкан чарбасынын чечилбей жаткан талашы эмне? 

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы Кантөрө Жантөрөев аларга маселесин айтып чечип берүүсүн өтүнүп, суранып келген элди, жана жолугушууну чагылдыруу үчүн барган биздин редакцияны ушунтип тосуп алды. Анысы аз келгенсип, мамлекеттик кызматкердин феноменин мынтип көрсөттү:

— Жантөрөев: менден «Интервью алалы» деп сурадыңарбы?

— Журналист: Биз элдин кайрылуусу менен келдик».

— Жантөрөев: эмне элдин кайрылуусу менен деп эле кирип бастыра бермейби?

— Журналист: Бастырып кирген жокпуз. Мамлекеттик мекемеге кирип барганага укугубуз бар. Эгерде сиздин жеке үйүңүз болсо, уруксатыңыз жок кирип бармак эмеспиз.

— Жантөрөев: мен силерди үйүмө киргизбейм дагы. «Саат мынанчада келебиз, ишиңди жыйыштырып тур. Биз барабыз» десеңер даярданып турмакмын да. Азыр бизде президенттик аппараттан келип окутуу болуп атат, ошол жерге киришим керек.

Бул адамдар Ош облусундагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жашоочулары. Алар 1996-жылдан бери өздөрү иштетип келе жаткан 36 гектар кайрак жердин талашынын айынан топтолушту. Жарандар «Ал жер биздин менчик» дешсе, Кантөрө Жантөрөев жер айыл өкмөттүн балансында дейт. Бул талаш бир канча жылдан бери чечилбей келет.

Эмне болгон эле?

Катта-Талдык айыл аймагындагы Ачы айылынын башында союз убагында бак болгон. Ал «Багдарчылык-Бирлик» деген совхозуна карап турган. Союз урагандан кийин 1996-жылы 36 гектар жерди ээлеген бак жаңыдан түзүлгөн «Торгой Булак» дыйкан чарбасына өткөрүлүп берилген. Ооз эки эмес. Ошол кездеги КРнын айыл-чарба жана азык-түлүк министрлигинин жер жана агрардык реформа боюнча борборунун Кара Суу районундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги алдында атайын комиссия акт түзүп, райондук жетекчилик токтом чыгарып берген. Дыйкан чарбага мүчө болгон 21 жергиликтүү тургун бакты өз алдынча бөлүштүрүп, сугарып, мөмөсүн жеп, сатып, тиричилигин өткөрүп келишкен. 2000-жылы мамлекеттик жер жана мүлктөрдү менчиктештирүү саясатынын негизинде дыйкан чарбанын мүчөлөрү бактын мамлекетке болгон карызын төлөп, менчиктештирүү күбөлүгүн алышкан. «Торгой-Булактын» жетечиси Жээнали Батырбеков буларды айтты:

«Республикада илгерки мүлктөрдүн карызын жоюу боюнча атайын токтом чыккан. Биз ошол карызын жоюп, ошонун негизинде менчиктештиргенбиз. Болжолдуу 202 миң карыз болчу. Ал убакта чынын айтканда 1000 сомго бир баш уй келет эле. Биз карызды кайсы адамда канча түп бак бар экенин санап, ошого карап бөлгөнбүз. Ошентип, менчиктештиргенбиз. Анын ичинен бириси 7 гектарды токтомдун негизинде өзүнчө бөлүп чыгып кетти. Мен 2000-жылдан бери бардык отчетторду, декларацияларды тапшырып келем».

Азыр «Торгой Булак» дыйкан-чарбасынын айрым мүчөлөрү гана өзүнө тиешелүү жерге ээ болушкан, башкача айтканда, жердин ээси деген мамлекеттик акт, кызыл китеп алган. Калгандары кезинде «САЗР» деген ишкана тарабынан берилген күбөлүк менен жүрүшөт. Ал кыймылсыз мүлктүн укугун каттаган мамлекеттик ишкана болгон. Ошентип ал жерлерди иштеткендердин көпчүлүгү 80-жылдары тигилген дарактарды кыйып, жок кылып, жаңы көчөттөрдү эгүүнү башташкан. Азыр алардын айрымдары түшүмгө кирип калды. Дыйкан чарбанын башчысы Жээнали Батырбеков Катта-Талдык айыл өкмөтү бактын балансында турган жерди башка жарандарга чекке өткөрүп берип койду дейт.

«Эки гектар жерди Омонов деген киши карайт. Ал үч адамдын алты гектар жерин менчиктештирген күбөлүгү бар экенине карабай, чекке токтом чыгартып алыптыр. Токтомду айыл өкмөт башчы берген. Аябай талаш тартыш болгондуктан биз өлчөдүк. Өлчөп көрсөк 38 гектар экен. Документте 36 деп турат. Ал жерге бак эгилген. Кийин биз  УКМКга, Кара-Суу райондук прокуратурасына арыздандык. Алар баары келип, булардын жери ашыкча деп тартыптыр. Кантип тартыптыр дебейсиңерби? Бактын чекесиндеги үлүш жерлерди кошуптур. Көрүстөндү да кошуп тартыптыр. Жыйынтыгында 44 гектер жер ашыкча, биз чечишибиз керек деп атышпайбы». 

Багы ара жолдо тургандардын бири Тиленбай Омонов. Ал өзүнө тиешелүү эски бакты кыйып, беш жыл мурда гилас, шабдоонунун көчөтүн эккен. Ишкер менен тең шерикке келишим түзүп, кайрак жерде 75 метр тереңдиктен суу чыгарып, жогорку чыңалуудагы трасформатор да орноткон.

«Бул жерде менин 2,5 гектар кайракы жерим бар. Көчөттөрдү эккениме 5 жыл болду. 75 метр тереңдиктен суу чыгарганбыз. Азыр айыл өкмөт жерди чекке берем деп талашып жатат. Жер документалдуу менин колумда турганына карабай ушундай кылганы туура эмес да», -дейт Омонов. 

Чек демекчи, Катта-Талдык айыл өкмөтү өткөн жылы 2800 жаран кезекте турганын негиз кылып, ушул «Торгой Булак» дыйкан чарбасынын айланасынан алты гектар жерди трансфармациялап, 90 жаранга жер тилке кылып бөлүп берген. Ага айыл өкмөттүн токтому чыгып, кызыл китеп да алынган. «Торгой-Булак» дыйкан чарбасынын мүчөлөрү бактын жери элге берилип кетти дегени да ушундан. Айыл өкмөт башчысы болсо дыйкан чарба мыйзамсыз чыгып кеткен дейт. Бул маселе эки тараптын талашында турганда, жаңы көйгөн жаралды. Айыл өкмөт башчысы Кантөрө Жантөрөев дыйкан чарбанын үч мүчөсүнүн жана айыл жаштарынын кайрылуусун бетке тутуп, дыйкан чарбанын үстүнөн кооператив түзүү тууралуу токтом чыгарган. Калган 18 мүчө буга нааразы болуп, айыл өкмөттүн имаратына чогулушту.

«Биз дыйкан чарба экенибизге карабай эмне үчүн биздин үстүбүздөн кооператив түзүлдү? Эмне себептен сиз (ред: айыл өкмөт башчы Кантөрө Жантөрөвге суроо берип жатат) токтом чыгарып бердиңиз? Ошол кооператив түзуп берген адамдар менен жолугуп сүйлөштүк. Алар айыл өкмөт укук берди дешүүдө. Биз бакты бөлөбүз деп, ичине кирип аралап бөлүштү. Мен алар менен «Эмнеге менин багыма киресиң? деп урушсак, ким жооп берет? Анан 36 гектар бакка эки жетекчи болуп калып атат да», -деп суроо салды «Торгой-Булак» дыйкан чарбасынын дагы бир мүчөсү Тагайбек Омонов.

Айыл өкмөт башчы Кантөрө Жантөрөев алгач дыйкан-чарбанын үстүнөн кооператив түзүүгө жарандардын бактарды башка бирөөлөргө сатып жиберип жаткандыгы себеп болгондугун, ошондуктан айыл эли нааразы болуп келгендигин айтты. Бир аздан соң коопетаривтерге мамлекеттен арзандатылган насыя оңой берилгендиктен дыйкан чарбаны кооператив кылып өзгөртүп койдум деди. Акырында коопетаривге мүчө болгон экинчи тарап менен да жолугуп, эгер көпчүлүк каршы болсо, кооператив түзүү тууралуу токтомду жокко чыгарам деп убада берди.

«Торгой-Булак» дыйкан чарбасынын базасында кооператив уюштурулсун деген токтом чыкты. Ал жерде мен «Оморов чыгып кетсин. Жээналиев чыгып кетсин» дегеним жок. Дыйкан чарбанын кооператив болуп аталып калганынын зыяны жок. Азыр насыя бергендер да аларга жеңилдик берип жатат. Биз ошол максатта статусун алмаштырдык. 36 гектар жериңер ошол бойдон эле турат. Аны кандай кылып бөлүшөсүңөр өзүңөр чечечиңер. Кооператив түзөлү деп арыз жазып келген 30-40 адамдын баарын чакырайын. Силер 98-жылдагы тизмени көтөргүлө. Анан ошол жерде тактайлы. «Дыйкан чарбага башында кимдер мүчө болгон? кимдин канча гектардан жери бар эле? Кооператив түзөлү дегендер эмненин негизинде кайрылдыңар?» деген суроолорду берели. Эгер баары туура чыкса 36 гектар жер эч өзгөрүүсүз ошол бойдон калат. Кооператив кыласыңарбы же башкабы ал силердин ишиңер».

Ушул жерде айта кетчүү жагдай, биринчиден, кооператив менен дыйкан чарба экоо тең юридикалык жак. Макамы бирдей. Жеңилдетилген насыя алууга экөөнүн бирдей укугу бар. Экинчиден, дыйкан чарбаны кооператив кылып кайра түзүү укугу ошол дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө гана берилген. Жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгү макул болгондо гана аталышы өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми бул жагдайда айыл аймактын башчысы дыйкан чарбанын үч мүчөсүнүн кайрылуусу менен, башкаларга кабар жеткирбей туруп, дыйкан-чарбанын үстүнөн кооператив түзүү боюнча токтом чыгарып койгон.

«Алар дыйкан чарбанын мүчөсүбүз деп келип жатпайбы. Ал үч-төрт адам мүчө экенин далилдеген күбөлүгүн көрсөткөн. Аларга «кооператив кылып албайсыңарбы» деген сунушту мен айттым», -деди Жантөрөев. 

Кооператив түзүп, аны кайра жокко чыгарып коюу айыл өкмөт башчысына оңой болгону менен, Ачы айылынын эли азыр эки тарапка бөлүнүп калганын айтышат. Бири дыйкан чарбанын мүчөлөрү экинчиси жерге жетпей жаткан айылдын жаштары.

«Кооператив жерди бөлүп таштады. Айыл башчы да өзү көрдү. Мен депутат катары «Койгула, протоколдун негизинде кылгыла» деп айттым. Азыр эми мыйзамдуу экенин айта албайм. Айылдык кеңешке «бул нерсени убактылуу токтотуп тургула» дедик. Депутаттар токтом чыгарбай туралы деп чечиштик. Себеби мыйзамга туура келбейт», -дейт Катта-Талдык айылдык кеңешинин депутаты Алтынбек Омонов. 

Айыл өкмөт башчысынын сунушу менен ачылыктар кийинки айылдык мектепке чогулушту. Жолугушууга дыйкан чарбанын мүчөлөрү гана кирет деп айтылганы менен, ал эреже сакталган жок. Биз барганда дыйкан чарбанын экинчи жетекчиси катары айтылып жаткан Жаңыл Маматова сүйлөп жатыптыр. Ал мурдараак бакка бөлүнгөн жер ашыкча эсептелинип калганын, дал ошол ашкан жерлерди айылдыктарга бөлүп берүү керектигин белгиледи.

«Мен эми жер адиси болбогондуктан жерди бөлүп-бөлүп бере бергенбиз. Жакында тартканыбызда кээ бир адамдардан 1 гектар ашыкча жер чыкты. Айрымдарында 80 сотых ашыкча болууда. Андай жерлерди жаштарга бөлүп беребиз. Болгону ашканын гана».

Эки тарап бири бирине кайым айтышканы менен айыл өкмөт башчысынан бир ооз сөз чыкпады. Буга нааразы болгон дыйкан-чарбанын көпчүлүк мүчөлөрү, акимге жолугуу үчүн залды таштап чыгып кетти.

Менин эки гектар жерим бар. Үйдө эч ким жокто үч адамды киргизип (Жаңыл Маматова) тартып берип коюптур. Ал бак менен балдарымды чоңойттум. Жерди сатуу оюмда жок. Бак-дарактарды кыйып, беде, арпа эктим эле, ошону тебелешиптир», -дейт «Торгой-Булак» дыйкан чарбасынын мүчөсү Үпөл Калыкова.

Кооператив түзүүнү демилгелеген Жаңыл Маматова 

Жаңыл Маматова

Биз кооператив түзүүнү демилгелеп чыккан Жаңыл Маматованы да сөзгө тарттык. Дыйкан чарбанын азыркы мүчөлөрү Жаңыл Маматова убагында жети гектар жерди бөлүп алып, өзүнчө дыйкан-чарба болуп бөлүнүп кеткен деген менен, Маматова өзүн али күнгө чейин «Торгой Булак» дыйкан чарбасынын төрайымымын деп эсептейт. Ал дыйкан чарба иштей албай жок болгондуктан кооператив түзүүнү демилгелегенин билдирип, 2000-жылы түзүлгөн документтерин көрсөттү.

«Дыйкан чарба жок болуп бүттү. Айыл өкмөттүн токтому чыкты. Мүчөлөрүн чакырсак келбеди, анан дыйкан чарбаны жоюп, кооператив түздүк. Багына барып көргүлө, эч нерсе жок. Куурап жок болгон». 

Деген менен Улуттук статистика комитети 1994-жылы берген күбөлүктө «Торгой Булак» дыйкан чарбасынын жетекчиси катары Жээнали Батырбеков катталган. Салык кызматы 2022-жылы эле берген тактамада да Жээналиев жетекчи катары көрсөтүлүп турат. Бул эки кызмат тең мамлекеттик болгондуктан жана документке атайын мөөр басылгандыктан, дыйкан чарбанын мыйзамдуу жетекчиси Жээнали Батырбеков деп таанууга болот.

Эми элге кайталы. Айыл өкмөткө нааразы болгондор, акимге да барып жолукту. Ал жерге айыл өкмөт башчысы да барды. Жарандар «Торгой Булак» дыйкан чарбасына караштуу бактын орду чекке берилип жатканын, дыйкан чарбанын үстүнө кооператив түзүлгөнүн, эми эки тараптын ортосунда тирешүү башталганын айтышты.

«Менин жерим чекке сатылып жатканын бирөөлөрдөн уктум. Ишенбедим, бирок анын жарнамага чыкканын вотсаптан жөнөтүптүр. Гүлдөп турган бакты, кызыл китебин тартып, «5 сотых жер 600 миң сомго сатылат» деп жазып коюптур. Көрсөтүлгөн телефон номерге чалсам «жер мыйзамдуу меники, колумда документ бар. Айыл өкмөттөн сатып алгам» деди. Эмне үчүн документи бар жерди сатышат? Айыл өкмөт өзү жоопкерчиликтен качып, элге салып берип коюп атат. Бул жерде акча ойноп жатат», -дейт Жеңишбек Алмаматов.

Бул дооматтардан кийин Кантөрө Жантөрөевге да сөз берилди. Ал менчикке кийгилишпей жатканын, трасфармация мыйзам чегинде жүргөнүнө токтолду.

«Ким силердин менчигиңерге тоскоолдук кылып жатат? Мүлктүн ээсисиңер. 3-4 жыл мурун колуңардан келсе Мамлекеттик каттоого барып документ кылып алгыла дегем. Эми келип айыл өкмөткө асыласыңар.» 

Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев райондук деңгээлде комиссия түзүлүп, маселе териштирилээрин убадалап, жарандарды жолго салды.

«Биздин райондо жер маселесине байланышкан көп маселелер чыгып атат. Аны баарыңар угуп жатасыңар. Жер тартыш экен. Ошондуктан ар бирибиз жерге болгон мамиле өзгөчө болушу керек. Ошондуктан сот иштери жүрүп жатканда эч кимдин бир жака кол салбашын Кантөрө Жантөрөев сиз кепилдик аласыз. Эч ким тосмолорду бузуп, мыйзамсыз аракет кылбасын.» 

Биз эми жогоруда айтылган талаш маселелердин чын-бышыгын тактап көрөлү. Алгач бактын балансында делген жерди сатып жаткан номурга байланыштык. Жердин ээсимин деген жаран, бизге жерди кайдан, качан менчиктештиргенин айткан жок. Бирок кызыл китеби бар экенин тастыктады.

Талашка түшкөн экинчи маселе, бактын ордундагы 36 гектар жер. Айыл өкмөт аны биздин баланста десе, дыйкан чарбанын мүчөлөрү кезинде бак менен чогуу жерди да сатып алганбыз деп жатышат. Айрымдары мамлекеттик каттоо кызматынан кызыл китеп да алышкан. Негизи мамлекеттик акт же кызыл китеп бак же башка мүлккө эмес жерге болгон менчик укугун аныктайт. Дыйкан чарбанын мүчөлөрү алган кызыл китепте бактын эмес, жердин ээси деп жазылып турат. Биз ал китепти көтөрүп Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо кызматына барганыбызда, тиешелүү адистер кызыл китеп мыйзам чегинде берилгенин тастыкташты.

«Катта-Талдык айыл өкмөтүндө жасалган мамлекеттик актысы 2014-жылы 1,5 гектар жер тилкесине жасалган экен. Ал жер юбоюнча 400 даана көчөтүн сатып алганы тууралуу келишим түзүлүп, менчик укугу тууралуу күбөлүк берилген. Андан кийин  эки укук тастыктоочу документтин негизинде бизден мамлекеттик акт мүлк фонддон 5 гектар жер тилкесине катталган. Бул акты кийин экиге бөлүнүп, ошол эле жылы 75 сотыхтан тең бөлүнуп, каттоодо турат», -деди Кадастр мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын жер кадастр бөлүмүнүн башчысы Самат Акимов.

Юристтер эмне дейт? 

Жер кодекси 1999-жылы кабыл алынып күчүнө кирген. Анда жер бөлүштүрүүдө өзүнчө тартип иштелип чыгып, 6-7-беренелерге өзүнчө басым жасалган. 6-берененин экинчи пунтктунда «Жер кодекси күчүнө киргенге чейин жерди пайдаланууга алган тараптар тиешелүү компенсациясын төлөсө, ал жер менчикке өткөрүлөт»,-деп жазылып турат. Ушул эле берененин 8-бөлүмүндө жарандык-укуктук келишимдерде имарат же кандайдыр бир мүлк- ал ээлеп турган жер менен чогуу бааланат деп жазылган. Бул мыйзам ченемдүулүккө таянып, бакты сатып алган дыйкан-чарбанын мүчөлөрү жерди да сатып алган деп айтууга толук негиз бар. Кийинки маселе жер Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн балансындабы же жокпу?

«Документтерге караганда жердин айыл өкмөткө тиешеси жок. Ал жерлер Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигине караган. Демек, министрликтин балансында турган жер болот. Кара-Суу райондук администрациясы да министрликтин тапшырмасы менен токтом чыгарып берген. Анткени ошол убакта бул мекеменин ыйгарым укугу бар болгон. 1990-жылы жер кодекси күчүнө кирген. Анын 6, 7-беренелеринде кодекс күчүнө киргенге чейин колдонууга берилген жерлер кенемтеси төлөнсө, менчиктештирилет деп жазылып турат. Буга таянуу менен министрликтин укук улоочусу болуп, айыл өкмөт эмес, «Торгой-Булак» дыйкан чарбасы эсептелет. Негизи жер боюнча эки документ болот. Биринчиси — укук аныктоочу документ. Бул тиешелүү түрдө мамлекеттик администрациябы же болбосо министрликпи ошол жерди бөлүп берүү боюнча токтом чыгарат. Экинчиси — ошол укук аныктоочу документти Мамлекеттик каттоодон каттаткандан кийин жердин менчиги боюнча акт берилет», -деп түшүндүрдү юрист Максат Жорокулов. 

Эми дыйкан чарбанын үстүнөн кооператив түзүү тууралуу. Торгой-Булак дыйкан чарбасы салык кызматында кадимкидей катталып, салыгын төлөп келет. Дыйкан чарбага жерди пайдалануу укугуна мамлекеттик акт берилген. Аны жок кылыш үчүн ооз эки эмес, официалдуу буйрук же атайын мыйзам чыгыш керек. Жөндөн жөн жок болуп кетиши мүмкүн эмес. Кадастр мамлекеттик кызматы негизделгенде дыйкан-чарбанын мүчөлөрү барып, кайра каттатышы керек эле. Бирок антишкен эмес. Юристер болсо, азыр деле 1996-жылы чыккан документтердин негизинде өздөрүнө каттатып алса болот дешүүдө. Ал эми айыл өкмөт башчысынын дыйкан чарбаны жойбой туруп, анын үстүнө кооператив түзүү боюнча токтом чыгарганы мыйзамга каршы келет. Бул боюнча дыйкан-чарбанын мүчөлөрү административтик сотко үч айдын ичинде кайрылышы керек.

Жогорудагыдай жерге болгон менчик укук маселеси буга чейин Кара-Суунун Маданият айылында да көтөрүлгөн. Эгемендүүлүк жылдарынын башында аталган айылда жер аз болгондуктан, ал айылдагы Кахраман дыйкан-чарбасына Папан айылындагы айыл-чарба министрлигинин балансында турган чөп орунду жерди пайдаланууга бөлүп берген. Кийинчерээк мамлекеттик каттоо кызматы Жер кодексиндеги айрым беренелерди эске алып, дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө чөп орунду жерлерди менчиктештирип каттап берип, маселени чечкен. Ал эми азыр Катта-Талдык айылындагы 36 гектар жердин тагдыры талаш бойдон турат.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*