
Бишкек шаарында ок атуучу куралдар жана баңгизаттар бекитилген жай табылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-апрель караган түнү белгисиз адамдар Бишкек шаарындагы мечиттердин биринин жанында жайгашкан курулуш таштандыларынын арасына бир баштык катып кетишкендиги аныкталган.
«Бул факт 2020-жылдын 14-апрелинде текшерүү иш-чараларын уюштуруу максатында маалыматтарды каттоо журналына катталып, жогоруда аталган жайда текшерүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында бетон плитанын астынан ак түстөгү баштык табылып, ичинен 32 жана 12 мм калибрдеги 2 ок атуучу курал (араланган мылтык), 11 даана металл гильза, 3 даана граната жана спецификалык жыты бар кочкул жашыл түстөгү болжол менен 3 кг салмактагы (болжол менен гашиш) полиэтилен пленкасына оролгон буюм табылып алынган», — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда табылган нерселерге тиешеси бар адамдарды аныктоого иштери жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Оставьте первый комментарий