
«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоору боюнча жеңилдетилген насыя ала турган компаниялардын арасында белгилүү инсандардын, өкмөт мүчөлөрүнүн, парламент депутаттарынын компаниялары бар. Бул тууралуу 18-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда айтып чыкты.
Сурабалдиева муну кызыкчылыктар кагылышы деп атап, Айыл чарба министрлигине «Бул жерде жөнөкөй фермерлерге мүмкүнчүлүк берилдиби?» деп суроо салды.
«Кайра иштетүүчү 73 ишканага 3,8 миллиард сом насыя берүү каралыптыр. Бул мамлекеттик карызды тейлөөдөн түшкөн каражаттар. Бул жерде белгилүү инсандардын, өкмөт мүчөлөрүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын фамилиялары жүрөт. Ошондуктан бул жерде жөнөкөй фермерлерге мүмкүнчүлук берилдиби деп сурап жатам. Азыр эле менин кесиптешим өзүнүн кичи мекенинен чыккан бир дагы компания жок экенин сурабадыбы. Сиз (ред: Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашевге кайрылып атат) маалыматтар сайтта бар, карап алгыла деп айтып жатасыз. Дыйканчылык, айыл чарба менен алек болгон жарандарыбыз интернетти карап, сайтты, соцтармакты карап отургандай убактысы жок. Айыл чарба министрлиги катары маалымат кандай берилди эле, каттарды жөнөттүңүз беле деп сурап жатышат. Кантип критерийлерди аныктадыңыздар, алар сиздерге келдиби, лобби болдубу? Айыл чарба системасын колдош керек, дүйнө жүзүндө колдойт. Бирок дүйнөдө чыныгы муктаждарды колдойт, өкмөт мүчөлөрү менен депутаттардын компаниясын колдобойт».
Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев депутаттын айткандарын четке кагып, насыя алган компаниялар атайын критерийдин негизинде тандалганын айтат.
24-мартта Министрлер кабинети «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 миллиард сом бөлгөн. Мындай чечим агрардык секторго колдоо көрсөтүү, президенттин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу жана жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу максатында чыкканын белгилеген.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине «Айыл Банкка» – 5,5 млрд. сом жана «РСК Банкка» 4,5 млрд .сом бөлүү тапшырылган. Насыянын өлчөмү жылына 6%ды түзүп, кайтаруу мөөнөтү үч жыл деп көрсөтүлгөн.
Оставьте первый комментарий