
Эсептөө палатасы 2020-жылдын бюджетинин аткарылышында 43 миллиард сом акча каражаты мыйзам бузуу менен жумшалганын билдирди. Жалпы сумманын 23 млрд сому прокуратурага териштирүүгө жөнөтүлгөн. Калган дээрлик 20 млрд сом каражатты мыйзам өзү туура эмес жазылып, дал келбей жаткандыктан палата териштирүүдөң баш тарткан.
2020-жылдагы бюджеттин аткарылышы тууралуу отчётту бекитүү маселеси парламентте бүгүн каралды. Анда Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков 43 млрд сом каражат өз багыттында иштетилбегени аныкталганын билдирди. Бирок мыйзамдын өзү туура эмес жазылып калгандыктан палата андагы дал келбей жаткан 19 млрд 7 млн сомду текшерүүдөн баш тарткан. Андан тышкары 2020-жылдагы бюджеттин аткарылышы тууралуу отчет тапшырылып жатканда кредиттик карыздын суммасы 17 миллиард сомго көп көрсөтүлүп калган. Каржы министрлиги бул айырмачылыкты төлөп бүткөн. Учурда жалпы 43 миллиард дал келбестиктин ичинен министрлик толуктай элек 4 миллиард 955 млн сом каражат калды.
«Каржы министрлигинин кредиттик карызды 17 миллардка ашырып жазышкан. Бул ошол бойдон парламентке отчетко келген. Бюджеттин аткарылышы боюнча отчетто так эмес маалымат кетип калган. Учурда министрлик аны ордуна койду. Ошондой эле, Кумтөдөн түшкөн региондорду өнүктүрүү фонду бар. Ал жерден 522 миллионду казынага киргизбей фонддон эле иштетип жиберишкен. Жаратылышты коргоого да фонд ачылып. 61 миллион доллары казынага которулган. Бирок ал бюджетти колдоо максатында максатсыз иштетилип кеткен»
Каржы министрлиги жаратылышты коргоо багытында колдонулушу керек болгон дээрлик 5 миллиард сом каражатты башка тармакка иштетип жибергенин моюндап, аны 2024-жылга чеийн ордуна коюуга макул болгонун билдирди.
«Бюджетке 4 миллиард 955 млн сом каражат түшкөн. Бул акчаны биз экологиялык фонддорго беришибиз керек эле. Бирок пандемия болуп, ал акчаны биз эмгек акы, дары-дармекке иштеттип жибергенбиз. Эми аны 2024-жылга чейин бөлүп өз тармагына толуктап бөлүп беребиз» — деди каржы министринин орун басары Аттокуров Мелс.
Жыйында прокуратурага бул маселе боюнча эсептөө палатасынан 28 материал түшкөнү айтылды. Бирок Башкы прокуратуранын өкүлү аталган иштер боюнча толук маалымат бере алган жок. Жыйынтыгында депутаттардын сунушу менен мыйзам долбоору кайрадан комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.
Оставьте первый комментарий