
Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Меморандумга тиркелген мамлекеттер аралык кеңеши жөнүндө жобо бекитилген. Тараптар стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин орнотулушу жөнүндө декларацияга да кол койгон.
Ошондой эле:
- Кыргызстанын Министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашы жөнүндө;
- Эки өлкөнүн Айыл чарба министрликтеринин ортосундагы Айыл чарба жаатында кызматташуу;
- Финансы министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Мамлекеттердин Санариптик өнүктүрүү министрликтеринин ортосунда Байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө меморандум;
- Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жана керектөө рыногун контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтарынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиктеринин ортосундагы интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Мамлекеттик башкаруу академияларыны ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен «Азербайжан Телекөрсөтүү жана Радиоуктуруу» Жабык Акционердик Коомунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуулар кабыл алынды.
Президент расмий сапар менен Баку шаарына кечээ 19-апрелде барган. Өлкө башчы Ажербайжандын президенти Ильхом Алиев менен “Загулба” президенттик сарайында бүгүн жолушуу өткөрүп жатат.
Оставьте первый комментарий