Жеңилдетилген насыя алчу компаниялардын депутаттар менен байланышы бар экени чын

Бюджети 10 млрд долларды түзгөн «Агроөнөржай комплексин кредиттөө» долбооруна депутаттарга, өкмөт мүчөлөрүнө жана ири бизнесмендерге тиешелүү компаниялар катышары аныкталды. 

19-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева «Агроөнөржай комплексин кредиттөө» долбоору боюнча жеңилдетилген насыя ала турган компаниялардын арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын фирмалары бар экенин билдирди. Анын айтымында, кайра иштетүүчү 73 ишканага 3,8 миллиард сом насыя берүү каралган.

«Бул жерде жөнөкөй фермерлерге мүмкүнчүлүк берилдиби? Азыр эле менин кесиптешим өзүнүн кичи мекенинен чыккан бир дагы компания жок экенин сурабадыбы. Кантип критерийлерди аныктадыңыздар, алар сиздерге келдиби, лобби болдубу? Айыл чарба системасын колдош керек, дүйнө жүзүндө колдойт. Бирок дүйнөдө чыныгы муктаждарды колдойт, өкмөт мүчөлөрү менен депутаттардын компаниясын колдобойт», -деди Сурабалдиева. 

Ал «Твиттердеги» баракчасына компаниялардын тизмесин жарыялаган.

Айыл чарба министрлигин сайтына да арыз берген 73 компаниянын тизмеси жарыяланган. Анда кредит алчуларды тогуз кластерге (шекер, мөмө-жемиштер, эт, картошка, сүт, жашылча-жемиштер, дан, өсүмдүк майы жана тооктун жумурткасы) бөлгөн. 

 «Т-Медиа» редакциясы тизмедеги 73 компаниянын онго жакыны депутаттардын жана өкмөт мүчөлөрүнүн үй-бүлөсүнүн фирмасы экенин тактады. 

Эске салсак: 24-мартта Министрлер кабинети бюджети 10 млрд долларды түзгөн «Агроөнөржай комплексин кредиттөө» долбоорун бекиткен. Аны ишке ашыруу үчүн «Айыл банкка» 5,5 млрд сом жана «РСК Банкка» 4,5 млрд сом бөлүнөрү айтылган. Насыянын өлчөмү жылына 6%ды түзүп, кайтаруу мөөнөтү үч жыл деп белгиленген. Чечимге ылайык, фермердик чарбаларга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга төмөнкүдөй шартта насыя берилет:

  • 300 миң сомго чейин 36 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен күрөөсүз негизде;
  • 500 миң сомго чейин 36 айга чейин кайтаруу мөөнөтү, күрөө менен.

Жылдык жүгүртүүсү 1 миллион сомдон ашык болгон фермердик чарбаларга катышуучу банктардын ички ченемдик укуктук актыларына ылайык күрөө менен үч жылга чейин кайтаруу мөөнөтү менен 5 миллион сомго чейин насыя берилет.

Депутаттардын изи

«Томат КейДжи»

«Томат КейДжи» дыйкан үрөнчүлүк чарбасы 2021-жылдын октябрь айында кайра каттоодон өткөн. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин уулу Жапаркул Саккараев ээлик кылат. 2021-жылы аталган компания бюджетке 11.4 миллион сом салык төлөгөн.

Саккараевдердин үй-бүлөсү бизнесте дагы, саясатта дагы активдүү экенин буга чейин Factcheck.kg иликтеген. Аларга тиешелүү «Эл биримдиги» партиясы 2021-жылкы июль айындагы жергиликтүү кеңештерге кайроо шайлоонун жыйынтыгы менен төрт мандатка ээ болгон. Партиясынын тең негиздөөчүлөрүнүн арасында Медербек Саккараевдин эжелери, жезделери жана жээни бар.

«Бай Элим Компани» 

Аталган компания буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевге тиешелүү болгон. Азыр жубайы Рысгүл Акимжанова менен уулу Байэл Токтошевге катталган. Компания кеңири ассортименттеги товарлардын дүң соодасы менен алектенет. 

Рысгүл Акимжанова былтыр 11-апрелде Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо «Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясынан катышкан. Мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, 11-июлда кайра шайлоо болгон.  

«Кара-Су-Дан-Азык» компаниясы

«Кара-Су-Дан-Азык» ачык акционердик коому Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исираиловдун атасына таандык. Ишкана ун жана дан азыктарынан өндүрөт. Юстиция министрлигинин сайтында акционердик коомдун директору катары Исираилов Алмазбек Турдалиевич көрсөтүлгөн. Депутаттын ишмердүүлүгүндө да эмгек жолун 2013-жылы үй-бүлөсү ээлик кылган «Кара-Су-Дан-Азык» ишканасында баштаганы жазылган. 

Өкмөт мүчөлөрүнүн изи

«Мариям Ош» жана «ДанЮг»

Өкмөттөн насыя алуучулардын катарында жакында эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Бакыт Төрөбаевдин баласына таандык делген компаниялар да бар. Алардын бири  — Ош шаарында жайгашкан «Мариям Ош» ун чыгаруучу фирмасы. Оsoo.kg сайтында компаниянын директору Эргешев Дастан Бакытович деп айтылат. Экинчиси — «ДанЮг» ЖЧКсы, ал да Төрөбаевдин уулу Дастан Эргешовго катталган. Ун чыгаруучу завод Жалал-Абад шаарында орун алган.

«Тазажан» компаниясы

Оsoo.kg сайтында «Тазажан» ЖЧКсына Журукбаев Салимжан Сейсенович директор деп көрсөтүлгөн. Бирок Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Экмат Байпакбаев өзү аталган ун чыгаруучу фирмага тиешеси бар экенин айткан жайы бар. 

«Чоң Алай Экопродук» 

Тизмеден «Чоң Алай Продукт» команиясын да кездештирүүгө болот. Фирма Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында жайгашкан. Анын жетекчиси — Сулайманов Медербек Чолпонбаевич.

Компаниянын Юстиция министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн телефон номерине чалып, Сулаймановдун өзү менен байланыштык. Ал мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри, Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун атасы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коомдук башталгычтагы кеңешчиси Нурлан Сулаймановдун бир тууган иниси экенин тастыктады. 

Мурдагы талапкерлер

«ДанЮГ»

«Дан-Юг» ААКсынын ээси катары Султанбек Тойгонбаев көрсөтүлгөн. Ал 2014-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен шайланган.  Мындан тышкары насыя алууга арыз таштагандардын арасында мурда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгондордон «Кыргызшампаны» ЖЧКнын директору Алымбек Чаткалбаев, «Кошой» ЖЧКсынын директору Александр Барбалат бар.

Ири бизнесмендер

«Мико Групп»

Компаниянын негиздөөчүсү катары Юстиция министрлигинин сайтынан Назарбекова Умсун Умаровна чыкты. Ал ОсОО «Аруу Жылдыздын» негиздөөчүсү жана Vefa Center бизнес борборунун башкы директору. Назарбекова өкмөттүн мурдагы өкүлү Марат Назарбековдун апасы экендиги тууралуу Limon.kg басылмасы жазып чыккан. 

Жыйынтык: «Агроөнөржай комплексин кредиттөө» долбоору боюнча жеңилдетилген насыя ала турган компаниялардын арасында өкмөт мүчөлөрүнө, депутаттарга байланышкан фирмалар бар экенин чын. 

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*