Ажибаев: өкмөт Баткенди өнүктүрүү программасын ачык маалымдабай жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев өкмөт Баткенди өнүктүрүү боюнча иш-планы тууралуу ачык маалымат бербей жатканын сындады. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 21-апрелдеги жыйынында айтты. 

Ажибаев буга чейин Министрлер кабинетинен облусту өнүктүүгө болгон иш-планын сураганын, бирок жооп албаганын билдирди.

«Мындан бир жарым ай мурун Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнөн 2022-жылы Баткен облусун өнүктүрүүгө канда планы бар экенин сурадым эле. Ошол бойдон маалымат жок. Менин жеке оюм боюнча өнүктүрүүгө бир да план жок. Январь айында Акылбек Жапаров өзү келип депутаттар бюджетти бекитип бердиңер, эми Баткенге 500 миллион сом акча бөлөбүз деген. Мындан да кабар жок. Эл күтүп жатат»

Быйыл февралда өкмөт Баткенде көчмө жыйын өткөргөн. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облуста чек аралар такталып, инвестиция тартуу, келечекте транзиттик аймакка айлантуу үчүн иш аракеттер жүрөөрүн маалымдаган.

Ошондой эле, январда өзгөчө макам алган Баткен облусун өнүктүрүү программасы кабыл алынганы айтылган. Анын негизинде облуска жыл сайын 500 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнмөй болгон.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1489 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*