
Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатына кыргыз балбандары Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы финалга чыгышты. Айсулуу Тыныбекова азырынча беттешке чыга элек.
Кыз-келиндер күрөшүндө Жуманазарова 68 киллограмм Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күрөшүп жатат. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы расмий маалымат боюнча эки балбандын финалдык беттештери бүгүн Бишкек сааты боюнча 16:00дө болот.
Мээрим Жуманазарова алгач казакстандык Мадины Бакбергенова менен күч сынашып аны 5:0 эсебинде жеңип алган. Кийин 10:0 эсебинде түштүк кореялык Сужин Паркты утуп алды. Жарым финалда монголиялык Дэлгэрмаа Энхсайхан менен күрөшүп, 7:2 эсебинде утту. Эми финалда алгачкы атаандашы Мадина Бакбергенова менен кайрадан беттешке чыгат.
Ал эми, Айпери Медет кызы жапониялык атаандашын 7:3, индиялык балбанды 10:0 эсебинде утуп жарым финалга чыккан. Андан соң монголиялык Ариюнжаргал Ганбатты 10:0 эсебинде жеңди. Эми финалда кайрадан жапониялык атаандашы Юка Кагами менен күрөшөт.
Монголиядагы күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелден 24-апрелге чейин болот. Азия бинирчилигинин алгачкы эки күнүндө Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы үч алтын, үч коло байгеге ээ болуп, рейтингде 3-орунду ээлешти. Алдыда Кыргызстандык балбан кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын төрт жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта күчүн сынайт. Андан соң эркин күрөш боюнча таймаштар башталат.
Оставьте первый комментарий