Баткенде Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жолу менен жүк алып өтүүгө аракет кылган 33 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Баткендин Өрүкзар тилкесинде кызмат өтөгөн чек арачылар 20-апрелде шектүү унааны токтотушканда, айдоочу буйрукка баш ийбей качып кетүүгө аракет кылган. Аскерлер аны токтотуу максатында эки жолу абага кийин унаа дөнгөлөгүнө ок атышкан.
УКМК унаанын ичинен 500 килограмм жаңгак, 560 килограмм нават, 1 620 даана суусундук, 10 килограмм кыям табылганын билдирди. Жалпы 1,5 тоннадан ашуун жүк болгон. Айдоочунун жанында товарды алып өтүүгө уруксат кагазы болгон эмес.
Оставьте первый комментарий