
Атай Бейшенбек аттуу «Фейсбук» колдонуучусу президент барып капсула салган жаңы Ак үйдүн имаратынын дизайндары интернеттен уурдалганын жазып чыкты.
Биздин редакция маалыматтын чын-төгүнүн текшерди.
15-апрель күнү мамлекет башчынын расмий сайтына Садыр Жапаров Бишкекте мурдагы Ысык-Көл мейманканасынын ордуна курулганы жаткан президенттик администрациянын имаратынын пайдубалын түптөөгө катышканы тууралуу маалымат чыккан. Анда жаңы Ак үйдүн долбоорунун сүрөттөрү тиркелген.
Бул сүрөттөрдүн туп нускасы кайдан алынган?
Биринчи сүрөткө жакшылап көңүл бурсак, андагы жазууну байкоого болот. Аны туурасынан жылдырып көрсөк Central Tower деп жазылган. Ачык булактар аркылуу аталаган сүрөт алгачкы жолу Гуанчжоудогу Кайхуа эл аралык борборунун презентациясында 2017-жылы жарыяланганын аныктадык.
Кийинки сүрөт 2013-жылы Retail Design блогуна жарыяланган. Анда дизайнды Maya Elazer студиясы жасаганы жазылган.
Ал эми бул дизайн Pinterest социалдык интернет сервисинен табылды. Сүрөттү бул жака автор өзү жүктөгөн.
Жыйынтык: президенттин расмий сайтына жарыяланган жаңы Ак үйдүн имаратынын дизайны интернеттен алынган.
Оставьте первый комментарий