Жеңишти сездирген 15 сүрөт
Дүйнөлүк күрөш уюму жарыялаган кыргыз балбандарынын сүрөттөрү
19-апрелде Монголияда күрөш боюнча Азия чемпионаты башталган. Мелдешке барган кыргыз курама командасы алгач грек-рим күрөшү боюнча таймаштарга катышып, үч алтын, үч коло байгеге ээ болушту. Ал эми, кыз-келиндер күрөшүндө кыргыз балбан кыздары 1 алтын, 2 күмүш медал алышты. Дүйнөлүк күрөш уюму бул чемпионаттын финалына чыккан спортчулардын жеңиш алып келген ирмемдерин расмий сайтына жарыялады.

Финалда Айсулуу Тыныбекова бутунан жаракат алып калган учур. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүндө 62 киллограмм салмакта күч сынашкан. Ал финалда Жапониялык балбан менен беттешти. Бирок мелдеш бүтүшүнө 1 саат 39 секунд калганда бутунан жаракат алып, беттеш 9:1 эсебинде жапониялык спортчунун пайдасына токтотулду.

Жоламан Шаршенбековдун жеңишке жеткенден кийинки сальтосу.



Азия чемпиону Тынар Шаршенбековдун беттеш учуру.


Акжол Махмудовдун алтын алып келген беттеш учуру.


Кыз-келиндер күрөшүндө Азия чемпиону Айпери Медет кызынын финалдык мелдеши.


Мээрим Жуманазаровага күмүш байгени алып келген учур. Финалда ал казакстандык балбан менен беттешти.


Тыныбекованын бутуна жаракат алып келген ыкма.




