Жалал-Абадда мыкты мугалимге унаа берилди

Жалал-Абад шаарында 3 күнгө созулган «Жылдын мыкты мугалими-2022» сынагы  жыйынтыкталды. Баш байгеге коюлган унаа менен Ысык-Көлгө 20 күндүк эс алууга жолдомону Бекмамат Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын химия мугалими жеңип алган.

Шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, баш байгеге ээ болгон 29 жаштагы Максат Абилов алты жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Бул убакыт аралыгында анын 11 окуучусу химия сабагынан предметтик олимпиаданын шаардык баскычында алдыңкы орунду камсыз кылса, алардын ичинен экөө облустук олимпиадада байгелүү орундарга жетишкен.

Эми ал сынактын облустук баскычында Жалал-Абад шаарынын атынан катышат.

Сыйлоо аземине калаа мэри жана шаардык кеңештин төрагасы катышып, калган жеңүүчүлөргө тиричилик техникалары, «Жалал-Абад» санаториясына жолдомо, ноутбук жана планшеттер тапшырылган.

Аталган кароо сынакка жергиликтүү бюджеттен 800миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*