Президент Жапаров: быйыл суу тартыш болбойт, Казакстанга да беребиз

Сүрөт: Акылбек Батырбеков/ © Sputnik

Президент Садыр Жапаров быйыл Токтогул суу сактагычында суу тартыш болбой турганын айтып, былтыркыга караганда көп топтолот деп ишендирди. Божомол боюнча, суу сактагычта 13 миллиарддан ашык куб суу болот. Бул тууралуу мамлекет башчы 25-апрелде «Кабар» агенттигине курган маегинде билдирди. 

«Бүт өлкө боюнча суу насосторун жаңылап бердик. Арыктарын тазалоо үчүн 1 миллиард сом акча бөлүп бердик. Токтогул суу сактагычында былтыркыга караганда быйыл суу көбүрөөк топтолот деп турабыз. Божомолубуз 13 миллиарддан ашык куб суу болот», -дейт Жапаров.

Өлкө башчы журналисттин «Коңшу Казакстанга суу беребизби?» деген суроосуна мындай жооп берди:

«Эл аралык нормалардын жана келишимдин негизинде беребиз. Өзүбүзгө да жетет».

«Электр станциялары» ишканасынын маалыматы боюнча, учурда Токтогул суу сактагычында 8,2 млрд. куб метр гана суу калды. Быйыл суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду.

Токтогул суу сактагычы Нарын дарыясына курулган. Ага башка дагы бир катар дарыялар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башкалар куят. Өткөн жылы өлкө бийлиги аба ырайына байланыштуу суу аз болорун эскерткен.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*