Өкмөт: уюлдук телефондорду каттоо үчүн 700 сом алынбайт

Иллюстративдик сүрөт

Министрлер кабинети Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоодо ар бир аппарат үчүн 700 сомдон алуу талабынан баш тартканын билдирди. 

«Санариптик өнүктүрүү министрлиги айрым мыйзам актыларына («Электр жана почта байланышы жөнүндө», “Лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ал ал уюлдук байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулган түзүлүштөрдү идентификациялоонун мурда сунушталган тартиби боюнча сын-пикирлерди эске алуу менен даярдалган. Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан редакциясына ылайык, уюлдук түзүлүштөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулган түзүлүштөрдү каттоо лицензия берилүүчү ишмердик болуп саналбайт. Аталган ченем жеке компаниялардын атынан идентификациялык оператордун болушун жана бир аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү төлөмдү жокко чыгарат», — деп жазылган өкмөт тараткан маалыматта.

Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлиги уюлдук телефонду акы төлөп каттоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, ар бир аппараттан 700 сомдон алуу сунушу коомчулукта нааразылык жараткан.

700 сом тууралуу кеп 2021-жылдын декабрь айында да көтөрүлгөн. Анда аталган министрлик эки мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*