
Иликтөөчү журналист Болот Темиров, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев ал аскер билетин уурдап сүрөт чаптап, андан соң мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын жарандыгын алганын айткандан кийин, бүгүн видео кайрылуу жарыялады.
Анда Темиров 16 жыл мурун КТРде, андан кийин Ак үйдө иштегенин ошол убакта анын документтери тыкыр текшерүүдөн өткөнүн айткан.
«16 жыл мурун КТРде иштегем. Журналисттик билимим жок экенин түшүнүп, Москвадан телевидениенин редактору деген диплом менен кайткам. Андан соң, мени Ак үйгө чакырышты. Ал учурда Курманбек Бакиев президент болуп турган. Мен президенттин катчылыгында маалымат бөлүмүнүн эксперти катары иштеп баштагам. Ошол убакта документтеримдин баары толук текшерүүдөн өткөн. Дал ошол 2008-жылы мен ал жакка барганда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жана Акылбек Жапаров жогорку кызматтарда олтурган», — деди Темиров.
Ошондой эле ал, революциядан кийин ичи интригага, ач көздүккө толгон өкмөттө иштебей коюууну чечкенин билдирген.
«Мен түрмөгө түшсөм да силер мени сындыра албайсыңар. Мен багытымдан кайтпайм. Аллах менин тагдырымды кандай чечсе, мен ага ыраазы болом. Анткени кыйынчылыктар адамды курчутат. Мен эч кимден коркпойм, мен аллахка каршы чыгуудан корком. Ар-намысыбыз, абийирибиз эч бир бийликке сатылбайт», — деп жыйынтыктаган кайрылуусун Болот Темиров.
Президент Садыр Жапаров кечээ, 25-апрелде «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде журналисти жасалма документтердин негизинде паспорт алган деп айыптаган.
20-апрелде Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси документ жасалмалоо, 378-беренеси мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Журналист өзү муну ишмердигине тоскоолдук деп эсептеген.
Анын алдында журналист Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевдин компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.
Быйыл январда Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо менен иш козгогон. Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Андан соң, УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Бул иш боюнча тергөө уланууда.
Учурда бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар муну Болот Темировго карата бийликтин куугунтугу катары баалып, токтотууга чакырышууда.
Оставьте первый комментарий