Кызыл-Кыяда 10 гектар эгин талаасын сел каптады

25-апрелдеги нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен, Баткен районунун Таян айылында сайдан суу ашып, бир чакырымга жакын ички чарбалык жолдун айрым бөлүктөрүн жана 10 гектарга жакын эгинди сел алды. Болжол менен бир чарчы метр арык кум жана шагылга толгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.  

Мындан тышкары Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мөндүр аралаш жамгыр жаап, Жусубалиев көчөсүндөгү балдар бакчасын жана бир турак үйдүн короосуна суу толуп калды. Жерине шаардагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алты куткаруучусу тартылган. Материалдык чыгым жана жабыртарткандар болгон эмес. Учурда жеринде аймактык жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүрүүдө.

Буга чейин Кыргызгидромет 25-апрелге чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы болорун, кээ бир райондордо жаан-чачын катуулап, мөндүргө айланышы мүмкүн экенин эскерткен.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*