Президент: жанымдагы адамдардын басып өткөн жолу эмес, азыркы ишмердигине маани берем

Садыр Жапаровдун "Кабарга" берген маеги. 2022-жыл, 25-апрель.

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде мамлекеттик «Кабар» агенттигине курган маегинде журналисттин «Командаңыз купулуңузга толдубу?» деген суроосуна жооп берип жатып, жанындагы адамдардын буга чейинки басып өткөн жолу эмес, азыркы ишмердигине маани берерин белгиледи.

«Айланамда жүргөндөрдүн баарын көзөмөлдөп турам. Мурдагы ишмердиктери, репутациясы мени кызыктырбайт. Мен башында эле сүйлөшкөм. «Мурда кандай иштедиң, ким менен иштедиң – мени кызыктырбайт. Мындан ары таза иштейсиң, уурдабайсың, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей иштеп бересиң. Эгер кыйшайсаң, камаласың» деген талап менен иштетип келе жатам. Мамлекет башына келгенден кийин жоопкерчилик моюнуңда болот экен. Сарсанаа болот экенсиң. Мамлекеттин ишин тартып кете турган кадрларды издей баштайт экенсиң. Бирөөнү тапсаң, таза, бирок потенциалы төмөнүрөөк. Бирөөнү тапсаң, эл айткандай, репутациясы начар, бирок мамлекеттик ишти удургуткан бойдон тартып кетет. Анан аны менен ушинтип сүйлөшүп алып иштетишке туура келет экен. Жеке эле мага эмес, элге дагы мамлекеттин иштери дүркүрөп алдыга жылып турушу керек да акыры. Анан эле тиги жегич, бул жаман деп олтура берсек алдыга жай жылабыз. Мен азыр эч кимге жегизбейм».

Ошондой эле президент коомдо талкуу болуп жаткан өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн ишмердиги боюнча пикирин да билдирген. Жапаровдун айтымында, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов демократияга ыктаган, ал эми Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иштин көзүн билген чиновник.

«Эдил Байсаловдун өз көз карашы бар. Көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия. Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз. Жакса, кабыл алабыз. Жакпаса, четке кагабыз. Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев болсо сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду», — дейт президент.

Буга чейин бийлик мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын ордундагы 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрө турганын жар салган. Бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер берилери айтылган. Бирок имаратты кайсы инвесторлор саларын ачыктаган эмес. Ушундан кийин бир катар жарандык активисттер жана журналисттер инвестордун ысымын жана кандай шартта куруп берип жатканын жарыялоону талап кылган. Ушул маселеден улам президенттин тегерегинде күмөндүү адамдар пайда болгону айтылган эле.

Ал эми Эдил Байсалов менен Алымкадыр Бейшеналиевдин коомчулуктун сынына кабылган учурлары көп кездешет.

Автор Т-медиа 12140 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*