
Аскер прокуратурасы тарабынан Куралдуу күчтөрдө бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо жана токтотуу багытында иш чаралар жүргүзүлгөн.
Анын жүрүшүндө, Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарында жайгашкан 20636 аскер бөлүгүндө кызмат адамдары финансалык документтерди жасалмалаганы белгилүү болгон.
Аны менен аскер кызматкерлеринин маянасына арналган 900 миң сомдон ашык акча каражатын өз пайдаларына сиңирип алышкандыгы аныкталган.
Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Оставьте первый комментарий