ЖК комитети оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө уруксат берген жок

Сүрөт: Табылды Кадырбеков/© Sputnik

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 26-апрелдеги отурумунда өлкөгө оң рулдуу унааларды киргизүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун колдогон жок.

Аталган документти депутаттар Марлен Маматалиев, Чолпон Султанбекова, Камила Талиева жана Айбек Осмонов демилгелеп чыккан.

Жыйында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов оң рулдуу машиналарды ташып келүүгө каршы чыкты. Анын маалыматына ылайык, тыюу салынганга чейинки статистика боюнча 2015-жылы жол кырсыктарынын 33 пайызына оң рулдуу автоунаалар себеп болгон. 2021-жылы бул көрсөткү 21%ды түзгөн.

«Оң рулдуу автоунааларга чектөө койгондон кийин алардын катышуусу менен жол кырсыктары азайды. Азыр деле оор кесептери менен коштолгон жол кырсыктарынын себепкери оң рулдуу машиналар болуп жатат. ИИМ каршыбыз», -дейт Исраилов.

Буга чейин министрлик оң рулдуу автоунаалар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салууну сунуштаган.

Кыргызстанда оң рулдуу машиналарды алып кирүүгө 2015-жылы бөгөт коюлган, бирок ага карабай, андай унаалар дале көмүскө киргизилип жатканы айтылат.

Сөз болуп жаткан автоунааларды таксиде пайдаланууга тыюу салуу маселеси 2018-жылдан тарта көтөрүлүп, бирок Жогорку Кеңештин депутаттары бул сунушту жактырган эмес. Андан тышкары, таксисттер өздөрү да митингге чыгып, жумушсуз каларын, такси паркында машиналар азаярын айтышкан.
Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*