
Ош мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти, «Лидерлер моюн сунбайт» китебинин автору Төлөнбай Таалайбеков окуу менен биргеликте 12 мамлекетке саякат жасап, аны менен катар «IQ» тез окуу борборун негиздеген. Анда 600гө жакын жаштарды окуткан. Төлөнбай биздин редакцияга инсанда болгон артыкчылыктар, тил үйрөнүүгө мотивация, студенттин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ой бөлүштү.
—Төлөнбай мырза, Австрия, Швейцария, Германия баштаган бир топ өлкөгө барып келдиңиз. Кайсы программалардын жардамында бардыңыз? Тил билүү жагы кандай болду?
—Мен 2018-жылы Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана тарых факультетине тапшырып, учурда 4-курста окуйм. Көпчүлүккө белгилүү болгондой ОшМУда алмашуу программасы бар. Анын алкагында окуу жайдын студенттери чет мамлекетке барып окуп келишет. Ал эми чет өлкөлүк студенттер ОшМУга келишет. Мен 2019-жылы ушул программа менен атайын тандоодон өтүп, Чехия республикасындагы Батыш Чех уиверстетинде окуп келдим. Андан сырткары 2021-жылы Түркиянын Кастанмону универстетине да өтүп, ал жактан билим алууга мүмкүнчүлүк болду. Бул сапарларымда Европаны бир катар айланып чыкканга да мүмкүнчүлүк жаралды. Айылда тил билүү жагы көйгөй эмеспи. Орус, англис тилдеринен кыйналабыз. Тобокел кылыш керек экен. Чет өлкөгө барам деп тил үйрөнсөң стимул болот, ошондо аракет кылып эрте үйрөнөсүң.
—Сапарыңыздагы кайсыл өлкө өзгөчө таасир калтырды? Дегеле Кыргызстандын билим берүүсүндө, адеп-аклахында үлгү алчу жагдайлар бар бекен?
—Биз мусулманбыз дейбиз. Бирок мусулмандын сыпаты бизде дээрлик жок. Европада мусулман болбогону менен аларда сыпат бар. Мисалы, бизде Тажикистан менен чек ара боюнча чыр-чатактар болуп келет. Ал эми Европада чек ара жок. Маселен, Франциядан Германияга өтүш үчүн болгону асфальт жолдо сызык бар. Эки өлкөнү бир сызык бөлүп турат. Ал эми адамдар сени тааныгандай жылмайып учурашат. Үлгү ала турган нерселер көп. Айрыкча билим берүү тармагында бизге реформалар керек. Мектепке да, унверситетке да. Ал жактагылар ар бир сабактан презентация жасашат. Алган билимибизди бул жактан европа стилинде өттүк. Ал жактагы жашоочулар китепти көп окушат экен. Көч бара-бара түзөлөт дейт, биз да көп окусак өнүгөбүз.
—»Лидерлер моюн сунбайт» деген китеп жаздыңыз. Анын негизги мааниси эмнеде жана кандай артыкчылыктар камтылган?
—Негизи бул идея чет жакта окуп жүргөндө келген. Биз Чыгыш таануу жана Африка өлкөлөрүн окуйбуз. Ошондо Түштүк Африкадан чыккан Нельсон Манделла жөнүндө окуп калдык. Бул инсан 27 жыл түрмөдө олтуруп чыгып президет болгон деген факт мага абдан жакты. «Эмнеге мен муну окуучу кезде билген эмесмин? Эмнеге студент болуп анан билип жатам?» деген суроо туулду. Башкалар окуучу кезде билип калсын, жаштарга маалымат жетсин деген максатта ушул китеп жазылды. Бүгүнкү күндө жаштар болбогон нерселерге, кичине кыйынчылыктарга чыдабай, өмүрлөрүн кыйышууда. Китепте жалаң турмушта кыйынчылык көргөн лидерлерди чогултуп, башкаларга мотиватция, стимул болсун деген максатта жазылды.
—Китеп жазууга канча убакыт кетти? Мээнети кандай экен?
—Бул саясий көз карашта жазылган китеп, ошондуктан ар кимдин ар кандай субъективдүү пикирлери бар. Лидерлерди өзүмдүн көз карашымда жазгам. Ал эми маалымат алууда эки тараптуу карадым. Мисалы, мусулман лидерлерди мусулман эместер башкача сыпатта көргөзгөн маалыматтар көп кездешет. Ошондой эле орус, англис, түрк тилдеринен топтолду. Негизинен китеп 2019-жылы башталып, 2021-жылы жарык көрдү. Такай отуруп жазбадым. Кайсыл жерде маалымат болсо чогултуп жүрүп отурдум. Китепти басып чыгараарда бир топ кыйынчылык жаралды. Себеби 500 эмес, 2000 нускада басылып чыккан, ага бир топ акча кетет. Бул студент үчүн чоң каражат ал тургай чоң адамдарга деле. Бул китеп үч томдон турат: биринчиси жалаң кыйынчылык көргөндөр болсо, экинчиси жарымдап калды. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген лидерлер боюнча айтылат. Мисалы, Франклин Рузвельт коляскада отуруп Американын президенти боло алган. Мындан сырткары, дагы бир китепти жазуу ишин аяктап калдым. Ал дүйнөдөгү акылдуу адамдар боюнча баяндалат. Азыр басып чыгаруу алдында турат. Ушул китеп чыккандан кийин мурункунун экинчи томун чыгарам деп турам.
—Кайсыл китептерден таасир алгансыз?
—Алгач окууга келгенде бир эле китебим бар эле. Азыр китеп текчемде тандалып алынган, дүйнөлүк адабияттар, саясий, диний китептер көп. Алдыга келген ашты жей бербегендей эле китепти да тандап окуш керек. Рамаатылык атам китеп окуганга көп шык берет эле. Китеп сатып алып атама окутуп, мага баяндап бергенден кийин гана окуйт элем. Азыркы учурда энем айтып берет. Бала чагымда Марк Твендин, Том Серинин жоруктарын айтып берчү. Өзгөчө Гарриет Бичер-Стоунун китеби, Махадми Гандинин автобиографиялык китебин баалайм. Дээрлик баары жагат. Өзүмө бир учурда 20-30 миң сомдук китеп сатып алган учурлар болгон. Көп китеп алганда окуганга жетишпей каласың, бир чыгарманы кайра кайталап окугуң келет. Китептеримдин баарын эмес 70 пайызын окудум десем болот. Айылда чөйрөм тар болчу, өзүбүздүн классташтардан башка дээрлик адамдар менен коммуникация болбойт эле. Инсан качан өсөт? Бири-бири менен пикир алмашканда, баарылашканда өсөт. Бул жакта көп адамдар менен мамиле кылам. Чет жактагы мугалимдерим менен байланышып турам. Адам өзгөргүсү келсе, чөйрөсүн, оюн өзгөртүшү керек.
—Алдыда кандай пландар бар?
—Буйруса окуумду улантам. Бирок Кыргызстанда эмес. Башка өлкөгө тапшыргамын, дагы бир-эки мамлекетке дагы тапшырсамбы деп турам, тандоо кылып. Кээ бирөөлөр бар, башка өлкөгө кетсе келбей коет. Менде андай эч ниет жок. 12 мамлекетке барыпмын, чынын айтсам бир да жерде Кыргызстандай өлкө жок. «Окууну бүтүп, шаарга качан кетебиз?», деп айылдагы окуучулар айта беришет. Бирок ошол айылдын чаңына зар болуп калат экенсиң бир күн. Окуумду улантып, тажрыйба алмашып келгенден кийин өлкөмө, элиме кызмат кылам деген максат-ниеттерим бар.
2021-жылы «IQ» тез окуу борборун негиздеп, Ош шаарында биринчилерден болуп ачтык. Анда 600дөн ашуун окуучу окууну аяктап, батыштан Германия, чыгыштан Кореяга чейин брйланышка чыгып, ал жактагы окутуучулар кыргыз балдарын онлайн окутушту. А өздөрү Ош шаарында оффлайн билим алышты. Учурда дагы бир Wow. trips деген туркомпания ачканбыз. «Өнүккөн эл саякатчы, өнүкпөгөн эл саясатчы» дейт. Өзүм саякатка кызыккандыгым үчүн да компания менен иш баштап жатабыз буюрса.
—Рахмат маегиңизге.
Маектешкен Бурулай Уланбек кызы, ОшМУнун Журналистика адистигинин 3-курсунун студенти.
Оставьте первый комментарий