
Быйыл апрелдин башында мугалим жана дарыгерлер менен бирге бала бакча тарбиячыларынын эмгек акысы да көтөрүлгөн. Бул айдын соңунда тарбиячылар жогорулатылган сумма менен 30 миң сомго чейин маяна алат. Ал эми, кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин айлыгы дээрлик эки эсе жогорулады.
Бала бакча тарбиячыларынын базалык эмгек акысы жаңы токтом боюнча мугалимдердикиндей эле 7 040 сом деп белгиленди. Бул суммага бакча мугалимдеринин билим даражасына карап коэффициент кошулат.
Мындай эсеп менен эгер мугалим жогорку билимдүү (магистр) болсо 24 196 сом (7 040*3,347) чегерилет. Ага кошо тарбиячынын 10 сааттык бала бакчадагы жумушу үчүн 1,39 ставка менен маяна төлөнүп берилет. Бул чен кошулганда (24 196 * 1,39) магистр даражасы бар тарбиячы 33 609 сом маяна ала баштайт.
Ал эми тарбиячынын 3 жылдык эмгек тажрыйбасы болсо ага 10% айлык акы кошулат. Сегиз жылдан кийин 20%, 13 жылдык стажы үчүн 30% чен менен эсептелет. Мындай бала бакчадагы көп жылдык эмгегиңиз үчүн кошулуучу сумма, 10 сааттык жумушка 1,39 ставканын акысы кошула электеги сумманын пайызы менен саналат.
Техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин маянасы
Бала бакчада техкызматкерлерге да эң төмөнкү маяна 7040 сом деп белгиленди. Ага бир ставка үчүн чени, ден-соолугуна чыян алып келүүчү жайда иштегени үчүн кошум суммалар кошулат. Жалпы эсептегенде буга чейин ашпозчу 8775 сом алса, эми 15 796 сом, тазалоочулардын эмгек акысы төрт миң сомго чейин болуп келсе, эми 7040 сом ала турган болду.
Бул сумманын дээрлик 20%ын бала бакча тарбиячылары жана кенже техникалык кызматкерлер да милдеттүү салыктар үчүн берет. Төгүмдөрдү чыгаргандан кийинки техкызматкерлердин колуна тийүүчү маяна төмөнкүдөй.
30-мартта өкмөттүн токтому чыгып мулагимдердин маянасы 90%, мектептеги кенже техникалык кызматкерлердин айлыгы 80%, медкызматкерлердики 50%га көбөйтүлгөн.
Оставьте первый комментарий