
Лейлек районунда издөөдө жүргөн Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн Согди облусунун тургуну Кыргызстанда 2008-жылдан бери издөөдө жүргөн.
Ага карата Лейлек районунун аймагында мыйзамсыз ишкерлик кылуу жана контрабанда беренелери менен айып коюлган.
Ал кечээ 27-апрелде Лейлекте кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.
Учурда убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Оставьте первый комментарий