Ошто беш гектар жердеги турак-жайлар бузулуп, көп кабаттуу үйлөр түшөбү?

Нааразычылыкка чыккан Ош шаарынын тургундары. 26.04.2022

Оштун тургундары жашап жаткан беш гектарга жакын жерлериндеги турак-жайлар бузулуп, ордуна көп кабаттуу үйлөр салынып жатканын айтып чыгышты. Тургундар колундагы бардык документтери жайында экенин айтышууда. А бирок Архитектура башкармалыгы аталган жер калаанын деталдуу пландоо долбоорунда көп кабаттуу үй курууга жана жашыл аймакка кирип калганын жүйөө келтирип жатат.

Ош шаарынын отузга жакын тургуну 26-апрелде калаа башчысы Алмаз Мамбетов менен жолугушууну талап кылып, мэрияга барышты. Алар жашап жаткан үйлөрү бузулуп, ордуна көп кабаттуу үйлөр түшөт деген сөздөрдү угушкан.

«Биздин талабыбыз — эч кандай башкы планга кирбеш керек. Ал жерде 20-30 жылдан бери жашагандар бар. Планды түзөөрдөн мурун жашоочуларды чакырып сүйлөшп, элдин пикирин угуш керек болчу. Ал жерлерди биз басып алып эле үй салып алган эмеспиз. Мыйзамдуу өкмөт берген жер, колубузда документ бар. Жеке менчикти соттун гана чечими менен алып коеё алат», -дешти тургундар.

Нааразычылыгын билдиргендер Султан Ибраимов, Сүйүнбаев, Көчкөнбаев жана Айтмаматов көчөлөрүнүн тургундары. Алар бул жерде көп жылдан бери жашап келишкенин, үйлөрүнүн бардык документтери жайында экенин айтышып, «Эмне үчүн үйлөр бузулуп, көп кабаттуу үйлөр салынышы керек?» деген суроону коюшууда. Жашоочулардын бири Абдыганы Тажибаевдин айтымында, беш гектарга жакын жердин тагдыры шектүү болуп турат.

«Бардыгы мамлекеттик актысы бар жеке менчик үйлөр. 10 жыл мурда курулган бул турак-жайлар эми сноско түшүш керек экен. Ош шаардык архитектурасы азыр түзгөн долбоорун кайра оңдоп, элдердин жашоосун, үйүн бузганын токтотсун. Биздин талап ушул», -дейт Тажибаев. 

Алар аталган маселени айтуу үчүн буга чейин да мэрияга келишкенде, күч органдары тарабынан сыртка чыгарылган. Тургундар мэрия башкы планды түзүп жатканда, мыйзамдуу түрдө жашап жатканын элди эске алышы керек эле деп нааразы. Учурда жашоочулар үйлөрүбүз ошол боюнча калтырылсын деген арыз жазышты.

«Элдин кайрылуусунун негизинде түзүлгөн протокол менен долбоорду токтотсо болот экен. Азыркы учурда талаштуу жер деталдуу пландоо долбоорунда турат деп айтышты. Биздин талаптарды протоколго киргизмек болушту. Жыйынтыгын күтөбүз. Мэр биз менен жолукканы орун басарларын чыгарбай, өзү чыкса болмок», -дейт Гулжамал Субанова. 

Аталган жерлер 2016-жылы кабыл алынган шаардын башкы планында көп кабаттуу үй жана жашылдандыруу үчүн деп көрсөтүлүп калган. Вице-мэр Жасур Азимов тургундардын арызын эске алып, деталдык пландоодо көрсөтүлгөн жерлерди жашыл аймактан чыгаруу убадасын берүүдө.

«Булар (ред-нааразы болгон эл) буга чейин да келишкенде, арыз жазгыла, жерди деталдуу пландоо долбоорунан чыгарып беребиз деп жөнөткөнбүз. Пландоо долбоору бүткөндөн кийин коомдук угууга коюлат. Негизи ар бир аймактын эли ушуга окшогон жерлерин айтып чыгыш керек. Изилдеп, менин жерим эмне болду? деп кызыгышы керек да. Ошолордун пикирин угуп, пландоо долбоорун дагы иштеп чыгабыз», -деп жооп берди Азимов. 

Ош мэриясынын маалыматына ылайык, учурда шаардагы 3,5 миң гектар жерге деталдык пландоо иштери жүрүп жатат. Долбоор жыйынтыкталган соң шаардык кеңеш аны коомдук талкууга алып чыгат. Вице-мэр Жасур Азимов шаардыктарды жерлерин ошондо тактап алууга чакырды.

Оштун деталдык пландоо долбоору 2017-жылы бекитилген. Жергиликтүү бийлик 70% иш бүткөнүн айтып келет.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*