«Эл Баткенди жалгыз калтырган жок». Президент чек ара жаңжалындагы курмандыктарды эскерди

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда курман болгондорду эскерүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Өткөн жылы 28-апрелде Баткенде 36 жарандын өмүрүн алган куралдуу жаңжал болгон. 

Өлкө башчы кайрылуусунда бул оор сыноо элдин ынтымагын чыңдаганын белгиледи. Ошол кезде жаңжалда курман болгондордун жакындарына, жараат алгандарга жардам берген коомчулукка ыраазычылыгын билдирди.

«Ошол оор күндөрдө мамлекетибиз, элибиз кайратман Баткен элин, өрүкзарлуу Баткен жерин жалгыз калтырган жок. Тикесинен тик туруп аза кайгысы менен башка түшкөн кыйынчылыгын тең бөлүштү. Жалпы кыргызстандыктар ата-бабалардан келаткан улуу биримдигин дагы бир жолу тастыкташты, өлкөбүздүн чар тарабынан “Баткеним – менин жүрөгүм” деген ураан астында Баткенге жардам көрсөтүп жатты. Боорукер жана намыскөй элибиз эч нерсесин аяган жок, мекендештеринин жеңилин жерден, оорун колдон алып беришти»

Ошондой эле, окуядан кийин Баткен оболусун өнүктүрүүгө көрүлгөн чараларга, өзгөчө макамына ылайык жүргүзулгөн иштерге токтолду. Президент кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу тилкелер боюнча маселелер дале болсо көйгөй болуп жатканын белгилеген.

«Аны чечүү бизден кылдаттыкты, сабырдуулукту жана ырааттуулукту талап кылууда. Чек ара көйгөйлөрүн кошуна мамлекет менен бири-бирин сыйлоонун, урматтоонун алкагында тынчтык сүйлөшүү жолдору менен гана чечүү зарыл экендигин бүгүн дүйнөдө болуп жаткан окуялар тастыктап койду. Кошуна мамлекеттин жетекчиси да жакында Согди облусуна болгон иш сапарында чек ара маселелерин кыргыз тарап менен тынчтык сүйлөшүү жолдору менен чечүүгө кызыкдар экендигин белгилеп кетти. Жылыш жок эмес, аз да болсо жылыштар бар»

Кайрылуусунда президент элди чагымчылдыкка алдырбай, чек арада терс көрүнүштөрдүн болуп кетишине жол бербей, сабырдуулук көрсөтүү менен улуттук коопсуздукту бекем камсыздоого чакырган.

Кандай колдоо болду?

Былтыр кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашык тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан.

Жаңжалдан кийин ишкерлердин колдоосу менен Баткенде жакындары каза болгон жана үйү өрттөңүп кеткен жарандарга 140 турак үй салып берилген. Лейлек районунун Маргун айылына 330 орундуу мектеп түшүрүлгөң. Быйыл 1-марттан тартып 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга ай сайын 1000 сом, чек ара аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлерге 2000 сом кошумча компенсация төлөнө баштаган.

Облусту өнүктүрүү максатында 2035-жылга чейин Баткенге жылына 500 млн сомдон акча каражаты бөлүнмөй болгон.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1126 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*