Токтогулда 2,5 кг баңги затын сатып жаткан жаран кармалды

Токтогулда баңгизат сатып жаткан жаран колго түшүрүлдү. Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришкендей, ал 4- жолу сатып жаткан учурда кармалган.

«1-3-апрель күндөрү «Жора» каймана аттуу жаран Токтогул районунун аймагынан «Токо» аттуу атуулдан 3 жолу баңги затын сатып алган. 14-апрелде ошол эле жарандар Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында төртүнчү ирет 40000 (кырк миң) сомго 2 кг. 200 гр. гашиш баңги затын алуу-сатуу жүргүзүп жаткан жеринен кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Бул жаран Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын К.Т. аттуу тургуну экендиги такталган.

17-апрель күнү дайындалган соттук-химиялык экспертизасынын корутундусу менен шектүү К.Т.дан алынган баңгизат 2 кг. 536 гр. салмактагы «гашиш» баӊгизаты экендиги аныкталган.

Шектүү жасаган кылмыштуу аракеттерин толугу менен мойунуна алган жана Жалал-Абад шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*