www.t-media.kg
"Убакыт бар…" ушул сөзгө алданба, ким алданса калат чексиз арманда
Бүгүнкү күндө кыргыз элинде "кыргызчылык" деген түшүнүк бар. "Эл оозундагы бул сөз эмнеден улам калыптанып калган? Кыргыздар убакытты баалашабы?" деген суроолорго жооп издеп, убакыттын кадыры тууралуу бул макалада баяндайлы.
Кыргыз фольклорунда эзелки кыргыздын убакытка болгон мамилесин көрүүгө болот. Элдик ооз эки чыгармачылыгындагы убакыт тууралуу макал-лакаптар, ырлар, уламыштар, жомоктор анын кандай баалуу экендигин, кыргыз элинин убакытка кайдыгер эмес болгондугунун далили.
Сүрөттөр pexels.com сайтынан алынды
Иштүүгө убакыт жетпейт, ишсизге убакыт өтпөйт.
Эмгектин деңгээлин мезгил тастыктайт.
Убакыттан уттурганың — ырыскыдан куру калганың.
Бүгүнкүнүн эртеңи бар, кечээгиңди бүгүндөн издебе.
Кеч калар ишке кар жаайт.
Убакыт-учкан куш.
Илгертен бери кыргыз эли саат болбосо да убакытты билип, жумушун ага карап бөлүштүрүшкөн. Азыркы 24 сааттык жебеден эмес, күн менен эсептелинген убакыт алар үчүн маанилүү болгон. Этнограф Абдимиталип Мурзахметов кыргыз эли даанышмандыгы менен убакытты туура бөлүштүрүп, бүгүнкү ишин эртеңкиге калтырган эмес деп айтат.
-Илгери турмуштун ритми жай болгон. Азыркыдай күйүп-бышкан, ар бир саатка ченелип аткарылган жумуш болгон эмес. Бирок убакытты туура бөлүштүрүп, өздөрүнүн жашоосун жөнгө салып келишкен. Илгертеден эле кыргыздар түш оогонго чейин уктап жаткан адамды жактырган эмес. Ата-эне өз балдарын таң эрте ойготуп эмгекке тарбиялашкан.

Абдимиталип Мурзахметов
этнограф
Бир күндөгү убакыттын кыргызча аталыштары
Кыргыз адабияттарында таң куланөөк, шашке, күүгүм, түн каракчы, күндүз, кеч курун, түн ортосу оогондо деген сыяктуу убакыт - мезгилдин аталыштары нукура кыргыз тилинде көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө бул сөздөрдү жашоо-турмушубузда көп колдонбогонубуз менен кыргыз элинин убакытка болгон мамилеси кандай болгонун түшүнсөк болот. Бул аталыштарды азыркы саатка салыштырсак төмөндөгүдөй:
Бүгүнкү кыргыздардын убакытка болгон мамилеси кандай?

Кыргызчылык түшүнүгү ыңгайсыз абалга калуу үчүн жакшы шарт деп күлүп айтат Ырыскан Самадова. Ал Германияга баруу үчүн маектешүүгө кечигип, өтпөй калган. Бул чоң сабак болгонун, андан кийин пунктуалдуу болууга аракет кылып жатканын айтат.
"Ал учурда окууну толук бүтө элек болчумун. Германияга баруу чоң максаттарымдын бири болгон. Тест, экзаменден жакшы балл алып максатыма жетүүгө бир тепкич калганда отказ (баш тартуу) алганым катуу тийген. Ошондо немистердин чынында убакытка так экендигине ынангам. Ошондогу окуя катуу таасир берген окшойт, кийин жоопкерчиликтүү болуп, белгиленген жайга кечикпей бара баштадым. Бир жылдан соң кайра экзамен тапшырып, маектешүүгө өз убагында барып, 1 жыл окуп келдим",-дейт Ош шаарынын тургуну Ырыскан Самадова.
Убакыт жана психология түздөн-түз байланышта. Анткени күнүмдүк режим психологияда маанилүү. Жашоо, ар бир күн энергиядан тургандыктан, убакыттын баалуулугун сезбеген адамдар күнүмдүк системаны башкара алышпайт. Жөнөкөй айтканда, күнүмдүк энергиясын бөлүштүрүүдөн көйгөй жаралат. Андыктан убакытты туура эмес бөлүштүрүүдөн стресс, чарчоо, жалкоолук келип чыгат.
Ийгиликке жетүүдөгү убакыттын орду

Тайм-менеджмент - англис тилинен которгондо "убакытты башкаруу, уюштуруу" дегенди түшүндүрөт . Бирок адам түз мааниде убакытты артка, же алдыга жылдырып башкара албайт. Бир күндө бүтүрүүчү иштерди ирети менен пландоо, негизгилерин аныктап алуу адамдын өзүн-өзү башкаруусуна жардам берерин бизнес-тренер Талант Мурзаев белгилейт.
Адам өзүн өнүктүрүүдөгү негизги критерийлердин бири - бул убакытты туура бөлүштүрүү дейт 19 жаштагы Акан. Ал ар түрдүү тренинг, окутууларга катышып жүрүп тайм-менеджментти жашоо-турмушта колдонууга көнгөн. Акан өзүнүн бир күндө кылып жетишкен берекелүү күнү жөнүндө айтып берди.
Кыргызча тактык - 5 мүнөт эрте
Иш-чара, той-аш же кандайдыр бир саамалыкка кечигип барган учурда "кыргызча келипсиң да" деген сөздү уксаңыз керек. Бул сөздү чыгыш медицинасы боюнча адис, тай-цзи чебери Медер Итибаев жактырбайт. Жада калса аны алмаштырууга болорун үгүттөгөн китеп да жазган. Китептин аты "Кыргызча тактык: 5 мүнөт эрте" деп аталат. Китепти кандай максатта жазганын жана ага эмне себеп болгонун төмөндөгүдөй түшүндүрдү.
"Кыргызча тактык: 5 мүнөт эрте"
– бул белгиленген жерге беш мүнөт эрте баруу.
"Супер кыргызча тактык"
– 10 мүнөт эрте келүү.
"Немисче тактык"
– өз убагында келүү, баруу же баштоо.
"Чабанча тактык"
– "немисчеден" 15 мүнөткө дейре кечигүү.
"Сыйлабастык"
– 30 мүнөт кечиксе.
"Өзүн сыйлабастык"
– 30 мүнөттөн 45 мүнөткө дейре кечиксе.
"Мекенин сыйлабастык"
– 45 мүнөттөн 1 саатка кечиксе.
Убакытты туура пайдалануу менен ар бир иште жогорку натыйжаны көрсөтүүгө болот. Дүйнөгө аты чыккан жазуучу, оратор-мотиваторлордун жазган китептеринде бул тууралуу кенен жазылган.

Кови Стивен – "Жогорку эффективдүү адамдардын жети адаты"
Брайан Трейси – "Тайм-Менеджмент"

Балачакта - убакыт бар, кубат бар, акча жок.

Жаштыкта - кубат бар, акча бар, убакыт жок.

Карылыкта - убакыт бар, акча бар, кубат жок.

Автордон: Чыкылдап иштеп турган саатын жебеси качан гана кубаты түгөнгөндө (батерейи) иштен чыгат. Адамзаттын ар бир күнүн белгилеп ,тактап чыкылдаган мүнөттөр, секундалар токтобой өтүүдө. Чыкылдаган саат жебеси токтосо жаңы кубаттоочуну салып кайра иштетип койсо болот. А бирок адамзаттын алтындай болгон «өмүр саатынын» жебеси токтосо эч качан жаңылаганга болбойт. Тайм-менеджментти билүү маңыздуу өмүр сүрүүгө жардам берери талашсыз.
Автор: Улукбек Сали уулу
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму менен өнөктөштүктө, "Интерньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн "Медиа-К" долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Бул материалда айтылган пикирлер "Интеньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши мүмкүн.