УКМК: Баткендеги асфальт төшөө иши боюнча текшерүү жүрүп жатат

Сүрөт соцтармактардан алынды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Баткендеги сфальт төшөө иштерине байланыштуу абалды өз көзөмөлүнө алып, тийиштүү текшерүүгө алганын маалымады. 

«Борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында фирма тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү. Бирок бул иштер технологиялык процесстин талаптарын бузуу менен аткарылган. УКМК бул абалды өз көзөмөлүнө алып, асфальт төшөө иштерин тийиштүү текшерүүгө алды», — деп жазылган атайын кызмат тараткан маалыматта.

Социалдык тармактарда жаңы эле төшөлгөн асфальттын үстүн чөп басып кеткен сүрөттөр тарап, кызуу талкууга түштү. Эске салсак: быйыл президент Садыр Жапаров Нооруз майрамын Баткенде белгилеген. Анын алдында стадион оңдолуп-түзөөдөн өтүп, асфальт төшөлгөн.

Автор Т-медиа 11405 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*