
Кыргыз-өзбек чек арасында өлүм коштогон окуядан кийин эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүп, окуянын чоо жайын талкуулашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 6-майда билдирди.
Жолугушууда Кыргызстандын чек ара өкүлү өлкө аймагындагы мамлекеттик чек ара сызыгынан 50-55 метр алыстыкта гильзалар жана кандын издери табылганын белгилеп, Өзбекстандын чек ара кезмети мамлекеттик чек араны бузуп кирип, Кыргызстандын жарандарына каршы курал колдонгондугунун себептерин түшүндүрүүнү талап кылды. Мындан тышкары кыргызстандыктар каза болгон жерден 80 метр алыстыкта 2000 кг. селитра табылган.
Өзбекстандын чек ара өкүлүнүн маалыматы боюнча, кыргыз жарандары чек арадан мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди алып өтүүгө катышканы аныкталган. Кармоого аракет кылып жатканда алар өзбек чек арачыларына таш ыргытып, Кыргызстандын аймагына сүйрөп өтүүгө аракет кылышкан. Өзбек аскер кызматкерлери жарандарга каршы курал колдонууга аргасыз болушкан.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар төмөндөгүдөй чечимге келишти:
- Чек арачылардын көзүнчө мамлекеттик чек араны атайлап эмес бузган учурда чек ара кезметине курал колдонууга кескин түрдө тыюу салуу;
- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турумун сактоо боюнча эки тараптын өздүк курамы менен кошумча биргелешкен сабактарды өткөрүү;
- Кыргызстандын Ала-Бука жана Өзбекстандын Янги-Курган багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү бардык көйгөйлүү аймактарда мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштуруунун тартибин аныктоого тийиш.
Мындан тышкары чыр-чатактарды болтурбоо боюнча эки өлкөнүн чектеш жайгашкан аймактардын жергиликтүү жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтеп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды. Ала-Бука районундук ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргызстандын үч жаранынын өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
5-майда Кыргызстандын үч жараны Өзбекстандын чек арачыларынын огунан каза болду. Окко учкандар бир үй-бүлөдөгү үч жаран — 48 жаштагы киши жана анын 22 жана 24 жаштагы эки уулу экени айтылды. Окуя Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Дөбө-Коргон жерлигинде болгон.
Ушуну менен кыргыз-өзбек чек арасында акыркы эки айда эле беш кыргызстандык каза болду. Тагыраагы, 5-апрелде Кыргызстандын эки жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан. Алардын Өзбекстан аймагына мыйзамсыз жүк киргизип жатканы кабарланган. Окуя Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылына жакын жерде болгон.
Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1378 чакырымды түзөт. Анын 1170 чакырымы же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаш аймак бар. Чек аранын тактала элек бөлүктөрүндө жайыт, жер жана сугат суу талашынан улам жергиликтүү тургундар менен коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын ортосунда чыр-чатактар көп катталып келет.
Оставьте первый комментарий