Алайдагы сел: эки бейтап ооруканада жатат

Ош облусунун Алай районуна караштуу Корул айылында 3-майда катуу жаандан улам сел жүрүп, эки адам ушу тапта ооруканада дарыланып жатат. Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптардын абалы канааттандырарлык экенин кабарлады.

Сел жүргөн аймакка министрликтин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова менен мекеменин Ош облусундагы координаторунун орун басары Шарапат Кожобекова барган. Маалыматка караганда, айылдагы тогуз кош бойлуу аялдын бирөө көз жарды. Азыркы тапта Ош облустук ооруканасынын психолог, психиатр, невролог, көз догдурдан турган дарыгерлердин эки тобу табигый кырсык болгон айылдардагы элдин ден-соолугун текшерүүдө. Мындан тышкары дары-дармектер менен камсыздалып, тез жардам унаалары даяр турат. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл адистери тарабынан дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө.

3-майда Алай жана Кара-Кулжа райондорунда сел жүргөн. Катуу келген сел аталган аймактардагы көпүрөлөрдү агызып кеткен. Үйлөрдүн короолорун суу каптап, электр мамылары жарактан чыккан. Алай районундагы Корул дарыясынан келген сел Биринчи-Май айылындагы унаа өтүүчү көпүрөнүн жарымын алып кеткен. Корул айыл аймагын Биринчи-Май, Тогуз-Булак, Олжоке жана Кең-Жылга айылдары менен туташтырган каттам үзүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-майда Алайдагы селдин кесепетинен жабыркаган 68 тургун медициналык текшерүүдөн өтүп, үчөө ооруканага жаткырылганын маалымдаган.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*