
Ички иштер министрлиги жарандарды Жеңиш күнүнө карата улуттар аралык кастыкты козутууга алып келген аракеттерден алыс болууга жана Орусия менен Украинанын аскердик кагылышына байланыштуу сүрөттөрдү, эмблемаларды, атрибуттарды жайылтпоого чакырды.
«Бишкек шаарынын «Дордой», «Ош», «Орто-Сай», «Аламүдүн» ири базарларынын жана соода борборлорунун, аскердик формаларды сатуу же ижарага берүү менен алектенген дүкөндөрдүн ээлери, сатуучулары, мындан сырткары 9-майда ɵткɵрүлүүчү «Өлбөс полк-Кыргызстан» жөө жүрүшүнүн уюштуруучулары менен алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле интернет булактарында мониторинг жүргүзүлүүдɵ. Айдоочулар арасында унааларга ар кандай жазуулары бар эмблемаларды чаптоолору боюнча үч факт аныкталган. Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 194-беренесинин 2-бөлүгү (Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган транспорт каражатын башкаруу) боюнча жоопкерчиликтин каралганы жана 5500 сом айып салынаары эскертилүүдө», -деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Коргоо министрлиги быйыл Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбой турганын билдирген.
Оставьте первый комментарий