Ноокатта сел көпүрөнү алып кетти

Оштун Ноокат районунда 6-май күнү кечке жуук сел Дөдөн-Абшыр-Ата унаа жолунун 47-чакырымында жайгашкан көпөрөнүн бир жээгин жеп, 50-чакырымында жайгашкан көпөрөнү алып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Учурда жеринде бекемдөө жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө бир манипулятор, жергиликтүү айыл өкмөттөн экскаватор тартылып, унаа жолдун 47-чакырымда жайгашкан көпүрөнүн желип кеткен жерине кум-шагыл төгүп, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тынымсыз жааган жамгырдан улам сел көп катталууда. Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын инфраструктурасы ири материалдык чыгымга учурады: ички каттамдын жолдорун, эгин талааларын сел алып, турак үйдүн короосун суу каптап,бир нече көпүрө урады.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*