
Президент Садыр Жапаров 7-майда мамлекеттик «Кабар» агенттигине маек куруп, Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши жана Манас айылынын айланасындагы окуяларга комментарий берди. Өлкө башчы манасчыга карата кысым болбогонун айтып, анын акыркы аракеттерин «пиар катары кабыл алганын» айткан.
«Куугунтук кылгыдай ал менин душманым беле? Катуу айтсам кечирип койгула, манасчы экен деп жүрсөм көрсө пиарчы экен. Эч ким куугунтук кылган жок жана кылбайт дагы. Бир тал чачы түшпөйт. 100 пайыз кепилдик берем. Бул менин президенттик сөзүм. Көрүнгөн өлкөдө тентип жүрбөй эртелеп эле кайта берсин. Баары бир бир күнү келет. Азыр Дөөлөт эмес, Дөөлөттөн миң эсе байлар чет өлкөдө жашай алышпайт. Чет өлкөдө жашаш оюнчук эмес. Жашап көргөм мен дагы үй-бүлөм менен. Бул же пиар үчүн ушундай кадамга барды, же ниети бузук адамдардын жетегинде кетип калды».
Президент жасалчу иштер боюнча маалымат берүү үчүн Дөөлөт Сыдыковду чакырганын кошумчалады.
«Администрация жагына 4-5 сотых жери кирип кетип жаткан болсо, күн батыш тарабынан Манас айылы 7-8 гектар жерге чоңоюп жатат. Ал жакка «Манас театры» кеңсеси менен кошо салынып жатканын көрсөтөйүн деп чакыргам. Манас айылына үч кабаттуу боз үй, андан тышкары, бир топ боз үйлөр, театр салынып жатат. Муну көрсөтөйүн дегем. Балким жаш бала жасалып жаткан иштерди көрбөй-билбей адашып аткандыр, толук маалымат алса түшүнүп кайра тескерисинче колдоп калаар деген ой менен чакыргам. Келбейм деп, керсейип келбей коюптур. Мейли келбесе деп ишти улантып жатабыз», -дейт президент.
Мамлекет башчы маданий-комплекстин азыркы абалы өтө начар экенин, бул боюнча бийликтин аракетине жаңылоо иштери бүткөндөн кийин баа берүүнү сунуштады.
Бишкектеги Манас айылынын башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенин 5-майда билдирген. Ал кайсы мамлекетке кеткенин жана анын себептерин түшүндүргөн жок. «Кысым болду» деген маалыматтарды тастыктап, бирок ким тараптан болгонун тактаган эмес.
Буга чейин ал Манас айылы маданий-этнографиялык комплексинин жерин белгисиз топ басып алууга аракет кылып жатканын билдирип, өлкө жетекчилерине кайрылган. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.
Журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө Манас айылынын жери жаңы Ак үй сала тургандарга алмаштырыла турганын манасчы Дөөлөт Сыдыков айтып берген.
Буга чейин президент «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде Манас айылы жаңыланып, анын маңдайына «Манас» театры салынарын айткан. Кийин маданий комплексти жаңылоо боюнча жаңы долбоор иштелип чыкканы маалымдалган. Комплекстин аянты 9 гектарга жакын.
Оставьте первый комментарий