Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун 4 ардагери жашайт. Эң улуусу 101 жашта

Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 4 ардагери жана 6 тыл эмгекчиси жашайт. Бул тууралуу Ош мэриясы шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматына таянып билдирди. 

Калаадагы согуш ардагерлеринин эң улуусу 101 жаштагы Самибай Артыков.

  • Артыков Самибай 101 жашта;
  • Токтобаев Салахидин 97 жашта;
  • Жолдошев Касымбай 97 жашта;
  • Тягунова Анна Куприяновна 99 жашта.

Тылдын эмгекчилери:

  • Закия Абдраимова;
  • Сатыбалды Усманов;
  • Айша Абасбекова;
  • Карабай Ашуров;
  • Турду Раимова;
  • Тажикан Мадимарова.

2020-жылы Ош шаарында жалпысынан 6 согуштун ардагери, 16 ооруктун каарманы бар эле.

Быйыл Улуу Жеңишке 77 жыл болду. Анын урматына 9-майда калаада “Өлбөс полк” акциясы өткөнү жатат. Иш чарада фронттук жоокерлердин балдары жана неберелери Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшкө чыгат.
Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 919 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо