Шашылыш билдирүү. Үч күн туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыргызстанда 10-майда күндүз жана 11-12-майларда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн шашылыш билдирүү таратып, кээ бир райондордо мөндүр да жаашы ыктымалдыгын эскертти.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатышы мүмкүн.

Буга чейин туруксуз аба ырайынан улам, катуу жаан жаап Сузак, Кара-Кулжа, Алай, Ноокат райондорунда сел жүргөн. Кырсыктын кесепетинен турак үйлөрдү, мектептерди суу каптады. Айрым жарандардын мал жандыгын агызып кеткен.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*